Домой Коом Коронавирустан өзүңүздү коргой билиңиз

Коронавирустан өзүңүздү коргой билиңиз

453
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан коргонуунун жолдору тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары атайын ролик да даярдашкан.

Дарыгерлердин айтымында, ар кандай вирус, бактериялардан, анын ичинде коронавирустук инфекциядан коргонуунун эң натыйжалуу ыкмасы – гигиенаны сактоо: колду дайыма самындап жууп туруу же курамында спирт кошулмасы бар антисептикалык каражаттар менен сүртүп туруу, чүчкүрүп же жөтөлгөндө оозду, мурунду бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу, колдонулган бет аарчыны дароо капкагы бар таштанды челекке таштоо.

Ошондой эле эл көп чогулган жайлардан алыс кармануу, сасык тумоо оорусунун белгиси бар адамдардан аралыкта кармануу сунушталат.