Домой Коом Коронавирустан милициянын кызматкери каза болду

Коронавирустан милициянын кызматкери каза болду

760

Бишкектеги Ленин райондук милициясынын ыкчам кызматкери Бердибай Элакунов коронавирустан каза болду. Маалыматты шаардык милициянын басма сөз кызматы тастыктады.

37 жаштагы Элакунов Бердибай Билдебаевич 2010-жылдан бери ИИМде иштеп келген.

Бир жылдан бери Ленин РИИБнын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери болуп иштеп жаткан.