Алардын арасында ооруга чалдыккандар менен Шаржадан бир учакта чогуу учуп келгендер да бар.
18-мартта Кыргызстанда коронавирус 70, 62, 43 жаштагы үч кишиден аныкталган. Алар Сауд Арабиясында Умра сапарына барып келгендер.
Космосбек Чолпонбаев кыргызстандыктарды ооруну алдын алуучу бардык чараларды сактап, ар ким өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Пандемиялык кырдаалдан улам мажбур каникулга таратылган балдарды эл көп чогулган жерлерден оолак кармоо зарылчылыгын эскертти.
Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID 19 деп аталган, өпкөнү сезгентүүчү оору үч ай ичинде эле дүйнөнү каптап, 7 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 180 миңден ашуун киши ооруга чалдыкты.
Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн апта соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган.
Булак: Азаттык