Домой Коом Коронавирус жуктурган медиктер жана айыккандар тууралуу такталган маалымат

Коронавирус жуктурган медиктер жана айыккандар тууралуу такталган маалымат

43
Расмий маалымат боюнча, учурда өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны — 23, вирус жуктурган дарыгерлер — 19 экени тастыкталды.

Коронавирус жуктурган медиктер жана айыккан жарандар тууралуу саламаттык сактоо министринин айткандары менен расмий жарыяланган статистика дал келбей калууда.

6-апрелде министр Сабыржан Абдикаримов өткөн суткада коронавирустан 10 адам айыкканын, ошол эле күнү дагы 23 кишини ооруканадан чыгаруу пландалып жатканын айткан. Ага чейин тогуз кишинин сакайып чыкканы айтылып жаткан.

Бүгүнкү маалымат жыйында жогоруда белгиленген 23 бейтап үйүнө чыгарылганын билдирди. Бирок Республикалык штабдын кечээки статистикасы 10 бейтап сакайганын, бүгүн ага 13 адам кошулуп жалпы 23тү түзгөнүн көрсөтүүдө.

Муну тактоо үчүн Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы менен байланышып, азыркы тапта 23 адам гана айыкканын билдирди.

Ал эми бүгүн, 7-апрелде, министр жети медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганын маалымдады. Ага чейин Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов тогуз дарыгерге COVID-19 жукканын айткан. Кийин андан башка маалымат берилген эмес. Ошондо жалпы саны 16ны түзмөк.Деген менен министрликтин маалымат кызматы такталган статистика катары 19 дарыгер вирус менен алышып жатканын жазууда.

Муну менен расмий маалымат боюнча, учурда өлкөдө коронавирустан айыккандар — 23, жуктурган дарыгерлер — 19 экенин түшүнүүгө болот.

Булак: Спутник