Домой Коом Коронавирус жугузгандарды пайдасыз дарылар менен ууландырып жатышабы? Барыктабасова менен маек

Коронавирус жугузгандарды пайдасыз дарылар менен ууландырып жатышабы? Барыктабасова менен маек

76

Кыргызстандагы коронавирус тууралуу азырынча жоопко караганда суроо көп. Бийлик медиктерде коргоочу каражаттан маселе жок деп жаткан чакта 39 дарыгердин вирусту жуктуруп алганын кантип түшүнсө болот? 8 миң анализди тоңдуруп отуруп, инкубациялык маал бүткөндө текшеребиз дешкени логикага сыябы? Дүйнө дарыны таба электе бейтаптарды кандай керемет менен «айыктырып» чыгарып жатабыз? Жана эң негизгиси — пандемия басаңдачу күн качан келет? Ушул жана башка суроолорубузга далилдөө медицинасы боюнча эксперт Бермет Барыктабасовадан жооп алууга аракеттендик.

— Бермет эже, тилекке каршы, коронавирусту жуктуруп алган медиктердин саны бүгүн 39га жетти. Биз кай жерден жаңылыштык кетирдик же бул абал кандай даярдык болбосун күтүлүп жатты беле? Балким, 200 миң, 1 млн сом деп айтылып жаткан компенсацияларды алдын ала эле сапаттуу коргонуучу каражаттарга сарптаганда утушта болоор белек?

— Жалпы бейтаптардын 13 пайызын коронавирусту жуктуруп алган медиктер түзгөнү — өтө кооптуу, өтө жогорку көрсөткүч. Биз мынтип дарыгерлерибизди сактай албайбыз. Алар ооруп, каза болсо, алмаштыра салгыдай адистерибиз көп эмес. Албетте, вирусту жугузуп алган, каза болгон медиктердин баарына компенсация берилиши керек. Бирок маселенин баары башкада болуп жатат. Мисалы, өкмөт тарабынан айрым чараларды аша чаап кабыл алышты. А мындай кырдаалда жөнөкөй маалымат, инструктаж  керек болчу. Эң биринчи кезекте коргоочу каражаттар менен камсыздоо зарыл эле. Пайдасыз аракеттерди жасап, акчаны асманга сапырышууда. Адамдарды көчөлөргө хлор чачып алаксытышты.  Бул пайдасыз иш. Туура эмес жыйынтык көрсөткөн тесттердин сатылып алынышы да пайдасыз аракет. Ушул акчага коргоочу каражаттарды сатып алышса болмок. Бардык запастарды медиктерге берүү керек эле.

Түштүктө көбүрөк медиктер ооруп калды. Аларды обсервацияга эч кандай даярдыксыз киргизишкен. Обсервацияга кирип чыккан кийими менен өзү иштеген ооруканасында жүрүштү, анан кийимди үйгө алып барып жуушту. Ошол алгачкы күндөрү өтө көп нерседен утулуп калдык.

— Сиз бизде колдонулуп жаткан вируска каршы терапиядан баш тартуу керектигин, дары-дармектер пайдасыз эле болбой, организмге олуттуу зыян алып келерин айтып келесиз. Эмне үчүн? Бизге түшүндүрүп бериңизчи.

— Бул вируска каршы терапия ВИЧ-СПИДди дарылоо үчүн ойлонуп табылган. А гидрохлорохин малярияны айыктыруу үчүн колдонулат, коронавируска эмес. Негизи эле эч бир өлкөдө азыр коронавирустун вакцинасы да, атайын дарысы да жок. Андыктан Саламаттыкты сактоо министрлиги «протокол иштелип чыккан, ошого ылайык вируска каршы терапия колдонулууда» дегени туура эмес. Мунун баары азыр дүйнөдө изилдөө, сыноо деңгээлинде жүрүп жатат. Гипотеза, божомол, суроо гана турат.

Бул дарылардын кесепеттери (побочный эффект) аябай оор. Ууландыруучу деп саналган препараттар бөйрөк, боорго өтө коркунучтуу. Булар онкологияда колдонулчу химиотерапия же ВИЧ-СПИДди дарылоо терапиясы менен барабар. Адам көтөрө албайт, көңүлү айланат, кусат, тура албай калат, нейропатия болот. Ушундай реакциялардан улам башка өлкөлөрдө вируска каршы терапиядан баш тартышууда. Бизде чет элдегидей шарт жок. Нарын, Сузак же Ноокаттагы байкуш оорукананы изилдөө жүргүзүлүп жаткан ири университеттер менен салыштырып болобу? Аларда керектүү жабдуулар бар, дарынын таасирин тынбай байкап, изилдеп турушат.

Вируска каршы дарылар коронавирус менен ооругандарга жардам бербей эле, балким, андан адамдар өлүп жаткандыр. Мунун баары азыр белгисиз! Колдонулган дарынын пайдадан зыяны көп болбош керек.

А бизде эмне болуп жатат? Дарыгерлер оорунун белгилери байкалбагандарга да ушул уулуу дарыларды жазышууда. Өзүн жакшы сезип, ооруну жеңил өткөрүп жаткандарга дарынын кереги не? Дене табы көтөрүлгөндө гана парацетомол берилиши керек. Дем алуусу кыйындап, демигип атса, кычкылтек берип, өтө оорлошсо жасалма дем алдырууга алуу керек. Баарына эле уулуу дарыларды жаза берүү туура эмес. Эсептеп чыгышты, мындай терапияда бир адамга 70 миң доллар кетет экен. Ушунча акчаны коротуп не пайда? Бул чыныгы медицина эмес, мунун артында акча, фармкопманиялар, лобби турат. Маселе ошол жакта.

-Бирок коронавирустан 30дан ашык адам айыгып чыкты го. Аларды кантип дарылашты анда?

-Бизде коронавирустан 5 же 10 адам айыкты деп ооруканадан кол чабуулар менен чыгарып жатышканы туура эмес. Балким, алар вирусту жеңил өткөрүшкөн. Бейтаптарды жеңил формада, орточо жана оор деп бөлүп караш керек. Пневмонияга өтүшүп, ИВЛге түшүп калган адамды сакайтып, анан өзү да аман калган дарыгерлерге кол чапса болот, ошолорго наам-медалдын баарын берсе болот. «Мен ооруган эмесмин» деген аялды кармап, кайра кечирим суратуу же ошол эле Нарындагы бейтапка «дары ич» деп кыстоо туура эмес. Ала-Букада дарыгерди «өзүнүн» пневмониясынан өлдү деп, ар нерсени ойлоп таппай эле коюшсун. Оорунун очогундагы медик башка кайсы пневмониядан каза болмок эле? Анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүшү керек. Ошто болсо дарыгер ажы тойдон ооруну жуктурган дегендери — жүзү каралык болду.

— Анда парацетомол берип, бейтаптын абалы оорлошконун карап отура беребизби? Бизде жасалма дем алдыруучу жабдуулар да тартыш.

— Азыр башка өлкөлөрдө жасалма дем алдыруучу аппараттар (ИВЛ) бейтаптын абалын ого бетер начарлатышы мүмкүн деген жыйынтыкка келип жатышат. Өпкөгө таасирин изилдөө уланууда. Анткени дарыгерлер бейтапты ИВЛге кошкондо өпкөгө ого бетер күч келгенин көрүп атышат. ИВЛ жардам бербей эле, пневмонияны ыкчам өөрчүтүп аткан жокпу деп изилдеп жатышат. Вируска каршы дарылардын да, ИВЛдин да организмге оң-терс таасирлерин эч ким азыр так айта албайт.

— Экспресс-тесттерден оңдуу жыйынтык болобу? Тоңдурулган 8 миң анализди оорунун инкубациялык маалы өтүп бүткөн соң текшерип эмне табабыз? Диагностикалоо боюнча ой бөлүшсөңүз.

— Мисалы, 1000 адамдын ичинде 100 адамда коронавирус бар дейли. Экспресс-тесттер алардын ичинен ашып барса 30 кишиден гана вирусту көрө алат. Демек, калган 70 адам беймарал жашоону улантып, вирусту жайылтуучу болуп калат. Так жыйынтыкты ПЦР-диагностика берет. Бизде ресурс жетиштүү болчу, 87 аппарат бар. Жеке клиника, лабораторияларда да толтура. Реактив жок дебей, ошолорду ыкчам уюштуруп, диагностикалоону колго алса болмок. Ал аппаратка картридждер салынат. Мисалы, туберкулезду аныктоочу картридж салсаң, ал туберкулезду гана текшерет. Коронавирустун картриджин салсаң, коронавирусту гана. Тоңдурулган 8 миң анализден улам министрди иштен алышты деп ойлойм. Эми аларды текшерүүнүн кажети жок, ооругандар 3 аптада ооруп бүттү, инкубациялык мөөнөт бүттү. Эми аларды изилдөөнүн логикасы кайда?

— Эми эмне болот? Дагы канча адам ооруйт? Пандемия качан басаңдайт? Баарыбызды ушул суроолор ойлондурууда. Сизде негиздүү божомол бар чыгаар?

— Жер жүзүндөгү адамдардын 80 пайыздан көбү коронавируска кабылбайт. А вируска кабылгандардын 80%ы ооруну жеңил өткөрөт. 5%ында гана өтө оор абал болот, бирок алардын да баары өлүп калбайт, айыгат. Бул апаат эмес. Сандарды туура чечмелегенди үйрөнүшүбүз керек.

Адамзат тарыхында көп эле эпидемиялар болду. Илим-билим начар доорлордо да ооруну жеңишкен. Азыр илим, технология, лаборатория, мүмкүнчүлүктөр өскөн заман. Эпидемияны жеңебиз! Ухань коронавирусу жаңы аныкталган менен, башка коронавирустар табиятта аябай кеңири тараган. Сезондук тумоо маалында ооруп эле жүрүшөт. 15 пайызыбызда коронавирус циркуляция кылып эле жүрөт. Кыргызстанга ОРВИнин ар кандай толкундары келип эле жүргөн, биздеги адамдардын организминде ага даярдык бар.

— Өкмөттүн бардык блогу «биз даяр эмес элек» деп айтууда. Кыргызстанда эпидемия толкунуна аз да болсо даярдык көрүүгө убакыт бар беле?

— Коронавируска реакциянын деңгээли, кадамдардын тууралыгы өлкөнүн өнүгүү деңгээлинен көз каранды эместигине ынандык. Мисалы, АКШ, Италия, Испания, Британия бизден эбак алдыга кеткен мамлекеттер, а абалын көрүп жатасыздар. Вирус бул өлкө акылдуу- акылдуу эмес, өнүккөн-өнүккөн эмес дегенге караган жок. Бирок айрым мамлекеттер жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Мисалы, Кытайда адамдарга карата өтө катаал чараларды колдонушту, балким, эпидемия маалында бул туурадыр. Бирок алардагыдай көчөгө чыккан адамды атып салуу, азчылыкты курмандыкка чалуу менен көпчүлүктү сактап калуу деген ыкмаларга караманча каршымын.

Япония тазалык менен, Түштүк Корея технология менен вируска каршы эффективдүү күрөштү. Түштүк Кореяда өтө оор абалдагы бейтаптарды гана ооруканага алып, калгандарын үйдө изоляцияда кармап, технологиянын жардамы менен байкап турушту. Тескерисинче, Италия, Германияда медицина тармагын парализация кылып коюшту. Бизде кемчиликтер бар, бирок артыкчылыктар да аз эмес. Дарыгерлерибиз мыкты, калк да айтканга кулак салат. Өтө кыйынчылыкка кептелген өлкөлөр бар, эч кандай карантин жарыялабай ооруну жеңип аткандары бар. Биз ортодобуз. Азыр да жоготууларды минималдаштырып абалдан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөр жетиштүү.

Булак: jebe.media