Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 18-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын жана Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундары… Жалпысынан көз жумгандардын саны 1212 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 425 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (117) жана Бишкек шаарында (110). Оору жуккандардын жалпы саны 67 894 кишиге жетти.
Бир күндө 531 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3136 адам жатат, дагы 3980 бейтап үйдөн дарыланууда.