«Кытайда 280, Италияда 352, Түштүк Кореяда 2348, Иранда 67, Жапонияда 64 жараныбыз бар. Булар консулдук каттоого тургандар», — деди Абдрахманов.
Сөз болуп жаткан мамлекеттерде акыркы 30 күн ичинде болгон кыргызстандыктар өлкөгө келгенден кийин 14 күн карантинде болот.Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда баш-аягы 1500 адамдан анализ алынып бардыгы таза чыккан. Учурда 300дөн ашык киши обсервацияда жатат.Өпкөнү сезгенткен коронавирус Кытайда, Түштүк Кореяда, Иранда, Италияда жана Жапонияда катталды.28-февралда Кыргызстан аталган өлкөлөрдүн жарандарынын өлкөгө келишине убактылуу чектөө киргизген.
Булак: Азаттык