Домой Дүйнөдө Коронавирус Дания, Грузия, Эстония өлкөлөрүнө жетти. Жуктургандар Ирандан жана Италиядан келишкен

Коронавирус Дания, Грузия, Эстония өлкөлөрүнө жетти. Жуктургандар Ирандан жана Италиядан келишкен

104

Дүйнө элин чочулаткан коронавирус кулачын жайып баратат. Бүгүнкү күнгө карата аталган вирусту Дания, Грузия жана Эстония мамлекеттеринин жарандары жуктуруп алгандыгы айтылды.

Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, Данияда коронавирусту жуктуруп алган алгачкы факты катталды. Вирусту алып жүргөн жаран жакында эле Италиянын түндүк тарабындагы тоо-лыжа базасында үй-бүлөсү, достору менен эс алып келген. Учурда коронавирус менен жабыркаган жаран карантинге алынган. Ал эми анын жубайы менен баласы медициналык текшерүүдөн өтүшүп, вирус аныкталбаганы айтылды.

Эстонияда шаршемби күнү Ирандан келген жарандан коронавирус аныкталды. Учурда ал ооруканада. Вирусту алып жүргөн адам Эстониянын туруктуу жашоочусу, бирок жарандыгы Иран экени айтылат маалыматта.
Ал эми 50 жаштагы Грузин жараны бир күн мурда автобус менен Ирандан келген. Ал коронавирусту жуктуруп алгандыгы аныкталып, Тбилисидеги инфекциялык ооруканага жеткирилген. Андан көп өтпөй эле дагы бир жаран инфекциялык ооруканага коронавирус менен жабыркашы мүмкүн деген шек менен келип түшкөнү айтылган. Госпиталдын жетекчиси Италияда 14 күн жүргөн 18 жаштагы кыз коронавируска шектелип ооруканага түшкөнүн ырастаган.
Булак: Супер