Домой Коом Коронавирус: Бир суткада үч адам кайтыш болду, оору 26 адамдан жаңы аныкталды

Коронавирус: Бир суткада үч адам кайтыш болду, оору 26 адамдан жаңы аныкталды

188

Үсөнбаевдин айтымында, бир суткада вирустан үч адам каза болду. Алардын бири — Ош облусунда иштеген 59 жаштагы фтизиатр дарыгер, экинчиси Ошто ооруканада жаткан 55 жаштагы бейтап жана үчүнчүсү Нарында ооруканада дарыланып жаткан 84 жаштагы бейтап.

Жаңы катталган 26 адамдын көбү Бишкек шаарында — 16 бейтап, Нарын облусунда жетөө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында бирден адам.

Бир суткада 46 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан 18-марттан 3-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1871 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1265 бейтап айыгып чыкты.