Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен үчөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин штаб башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдап чыкты.
Анын айтымында, бир жаран жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.
“Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор, бир жаран жасалма дем алдыруу аппаратына кошулду”, – деди Мамбетов.