Оорудан каза тапкандардын саны да Кытайдыкынан ашып, 6 513 киши болду.
Жакында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эски континентти вирустун очогу деп атаган. Европалык өлкөлөр биринин артынан бири чукул кырдаал жарыялап, чек араларын жабууда, карантин киргизишүүдө.
Вируска чалдыккандардын саны боюнча Европада биринчи орунда 20 миң киши катталган Италия, андан кийин 8 миң учур менен Испания турат. Бул эки өлкөдө каза тапкандардын саны да жогору. Франция эки шаарды, анын ичинде Парижди карантинге алышы ыктымал. АКШ европалык 26 өлкөдөн учууларга тыюу салган.
Бүгүн Армения чукул кырдаал киргизет деп күтүлүп жатат.
Ирандын расмий адамдары саламаттык сактоо системасы мындай кризисти көтөрө албашы мүмкүн деп билдиришти. Өлкөдө 14 миңден көп кишиде вирус аныкталган. Өлгөндөрдүн саны 724 кишиге жетти.
Вирустун тез тарашы глобалдык экономикага терс таасир тийгизип келатат. Ишкана, бизнестер убактылуу жабылууда, борбордук банктар финансылык рынокторду ооздуктоого аракет көрүшүүдө.
Булак: Азаттык