Домой Ден-соолук Коркуткан коронавирус: Кыргызстанда токтотулган, жылдырылган иш-чаралардын тизмеси

Коркуткан коронавирус: Кыргызстанда токтотулган, жылдырылган иш-чаралардын тизмеси

17

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, азырынча президенттин деңгээлинде жана өкмөт өткөрө турган иш-чаралардын графиги өзгөрө элек.

Ал эми коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штаб Кыргызстанда жакынкы күндөргө пландалган көп сандагы адамдардын катышуусундагы маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнү токтотууну сунуштады. Алардын арасында той-аштар дагы бар.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан март айына пландалган, бирок вирусту алдын алуу максатында токтотулган же жылдырылган иш-чараларды тизмектеди.

Жокорку Кеңеш

Парламент төрагасы Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин имаратында көп кишинин катышуусунда боло турган иш-чаралар убактылуу токтотулганын айтты. Анын арасында мектеп окуучуларынын салтка айланып калган экскурсиялары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кабыл алуулар бар.

Өлкө боюнча

Кыргызстандыктар быйыл Нооруз майрамын бир жерге чогулуп белгилебейт. Ал күнү концерттер дагы уюштурулбайт.

Аймактарда

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинен билдиришкендей, абал турукташканга чейин бардык аймактардагы мамлекеттик кинотеатрлар ишин токтотту.

Спорттук иш-чаралар

9-10-мартка белгиленген Алыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Ал Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда болмок. Мындан сырткары, жыл сайын Нооруз майрамында боло турчу ат оюндары, анын ичинде көк бөрү боюнча республикалык турнир өткөрүлбөй турган болду.

Агартуучулук иш-чаралар

Билим берүү жана илим министрлиги март айында сегиз иш-чараны белгисиз мөөнөткө жылдырды.

— Улуу Жеңиштин урматына өткөрүлчү “Жоокер ыры” республикалык сынагы;

— Мектеп окуучулары арасындагы республикалык олимпиада;

— “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык жаштар конкурсу. Ага өлкөдөгү жаш конструкторлор жана ойлоп табуучулары катышмак;

— Министрликтин Ош облусунун Араван районунда өтчү көчмө жыйыны;— Бүткүл дүйнөлүк акча күнүнө арналган иш-чара;

— Китеп жумалыгы;

— Республика боюнча ашпозчулар сынагы;

— “Жеңиш жазы” жаштардын республикалык музыка-адабий фестивалы.

Мындан тышкары, Бишкектеги мамлекеттик маданий жайларда боло турган концерт, көргөзмөлөр белгисиз мөөнөткө жылдырылган мисалдар бар. Бирок жакын арадагы маданий иш-чаралар боюнча өкмөттүн токтому чыга элек болгондуктан, алар тууралуу расмий тастыктоо алууга мүмкүн болбоду.

Булак: Спутник