Домой Коом «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка 37 «Тез жардам» унаалары сатып...

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка 37 «Тез жардам» унаалары сатып алынды

214

Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айып пулдун эсебинен «Собол» жана «Газель» маркасындагы 37 «Тез жардам» унаасы сатып алынды. Ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 12 реанимобил алынды, алардын алтоо Бишкек шаардык «Тез жардам» кызматына, экөө санитардык авиацияга жана бирөө Талас облустук бириккен ооруканасына берилди.

Аталган «Тез жардам» унаалары бүгүн, 25-декабрда Бишкектеги эски аянтта аймактардагы медициналык мекемелерге таркатылды.