Бүткүл дүйнө жүзүндө июль айынын биринчи ишемби күнү кооперативдердин эл аралык күнү деп аталат. Бул майрамды бардык жерде белгилеп майрамдашат, мурда Кыргыз керек-жарак союзунун башкармалыгы тарабынан уюштурулса, учурда жер-жерлердеги кооперативдер уюштуруп белгилешкендиктен бул салт болуп калган. Дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалар жөнүндө айтсам , адамдар кандайдыр бир кызыкчылыктын тегерегинде кооперативге биригишкен соң кооператив мүчөлөрүнө ар кандай кызматтарды көрсөтөт. Мисалы: сатуу, жабдуу, кайра иштетүү сыяктуу ж.б. Ал эми кооперативдердин тарыхына кайрылсак кооперативдик система Германияда эң биринчилерден болуп түзүлгөн. Ал мезгилде калктын жыргалчылыгын камсыз кылуучу каражаттардын бири болуп, рыноктук кооперация таанылган. Германиянын кооперативдеринин азыркы системасы реформаторлордун аракети менен түзүлгөн. Ири реформаторлор болуп, кооперативдер жөнүндөгү мыйзамды чыгарган жана кол өнөрчүлөрдүн шаар кооперативдеринин системасын түзгөн Герман Шульде-Делич (1808-1883) жана айыл жергесинде насыялык, товардык кооперативдердин системасын түзгөн Фридрих Вельгельм Райффайзен (1818-1888) таанылган. Ал эми СССР түзүлгөндүн биринчи эле күндөрүндө керек-жарак коомдорун түзүп , колхоздорго жардам бере баштаган (РайЗо), ал эми өзүнө пайщик катары элди тартып, ар кандай товарларды дүкөндөр аркылуу сатып; тери, жүн, тыбыт, эт ж.б. элден алып аларга курулуш материалдарын, өнөр-жай товарлары менен камсыз кылып турган. Ошол система СССР ураганга чейин кызмат кылып , азыр дагы айрым район , областтарда кооперативдер иштеп келет. Алсак мен жашаган Кара-Кужур өрөөнүндө бүгүнкү күнгө чейин иштеп келди, анткени айыл жергесиндеги бардык дүкөндөр кооперацияда иштеп жүргөн адамдарга арендага берилген, кийин аларга сатылып ошол бойдон алар элди соода-сатык менен тейлеп келет. Мисалы, Кара-Кужур айылдык керек-жарак кооперативиндеги Сары-Булак айылындагы дүкөн, ашканага бүгүнкү күндө элди күнү-түнү тейлеп келет. Ал эми Жер-Көчкү, Төлөк айылындагы дүкөндөр мурдагы эле соода менен элди тейлеп жатышат. Мындан сырткары ошол эле өрөөндөгү Нарын, Кочкор, Тоң райондорунун негизинде “Топозчу-Нарын” айыл-чарба кооперативин 2002-жылы уюштуруп 12 киши түзгөнбүз, ага учурда Ат-Башы, Кемин районунун топозчулары кошулуп областтык, республикалык масштабдагы семинар-кеңешмелерге катышып топоз чарбасын өнүктүрүү жаатында иштерди жүргүзүп келебиз. Өткөн жылы Кыргыз илимдер академиясы тарабынан уюшулган семинар-кеңешмеге республикадагы бардык топозчулар катышып аны өнүктүрүү, продукциясын сатуу жөнүндө Кытай Эл Республикасынан келген өкүлдөр топозго кызыгышып, топоз этин алуу маселелери сүйлөшүлүп атайын жабдууларды берүү маселеси каралып жатат. Семинарга катышкан Монголия, Тажикстан, Кытай, Казакстан мамлекеттеринин топозчулары биргелешкен ишкана куруу жагы каралууда. Алгач “Топозчу” айыл-чарба кооперативи уюшулгандыгы мүчөлөрдүн саны кыйла көбөйүп алыскы өрөөндөгү атактуу малчы-топозчулар мүчө болсо, учурда Социалисттик эмгектин баатыры Таштанбек Акматов мүчө болуп акыл-насаатын айтып, кооперативди ар дайым колдоого алып келет. Ошондой эле ошол уюшулган учурда бардыгы болуп Нарын жана Ысык-Көл областындагы топозчулар да 1018 баш топоз болсо, азыркы учурда бир топозчу Кылыч Эсеналиевде эле 1000 башка чукул топоз болсо, Сопиев Карагулда 500 топоз, төлөктүк топозчу Таштановдо 500 баштан ашык ашык топоздор багылууда. Мына ушул топоз этин иштетүү маселеси жолго коюлса, андан ары арзан эт өндүрүү жагы көбөймөкчү. Ушул жагдайды айтууда, бизде мамлекет тарабынан чечилбеген куру убадалар болуп келет. Кооперативдердин старттык капиталынын жоктугу жана билим деңгээлинин жетишсиздиги. Эгерде мамлекет тарабынан бир жылда жок дегенде эки кооперативди уюштурууга жардам берилсе, анда республикабызда кооперативдер акырындап пайда боло баштамак. Анан башка майда фермерлер ошол жолго түшмөк деп ойлойм. Анткени азыр да кантип кооперативге биригип кандай иш алып баруу боюнча эл арасында жакшы маалымат да, түшүнүк да жок болуп жатат, баардыгы эле баягы союз маалындагы колхоздорду элестетип аны кантип курабыз дешет же бириккенден коркот. Бул проблемаларды чечиш үчүн мамлекет туура ойлонушу керек, анткени бүгүнкү күндө кооперативдер кээде гана семинар-кеңешмелерди аткарат. Кыргыз өкмөтү же айыл-чарба министрлиги бул маселеге сырттан карап калгандай. Кээде Кыргыз кооператив союзу уюштурган чогулушка өкүлү эле келбесе аттуу-баштуу жетекчилери келип топозчулук боюнча же башка жөнгө салган өкмөттүк бөлүм жоктой сезилет, анан кантип өнүгөбүз? Жогоруда аталгандардан сырткары дагы көптөгөн проблемалар бар. Эми ошондой болсо дагы 1-июль эл аралык кооперативдердин күнү, майрамы менен куттуктап кетейин. Майрамыңыздар куттуу болсун! tenorim without prescription.
Зарылбек Касмалиев «Топозчу-Нарын»кооперативинин башчысы Ак-Кыя айылы.