Негизи туштуктун эли таарынбасын, бирок хан көрүп калган эл такыр башкача болот экен. Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланганына төрт ай болбой жатып салыштырмалуу он адам кызматтка дайындалса анын тогузу туштүктөн болууда. Регионалдык баланс деген түшүнүктү, такыр эле эстен чыгарып коюшту. Жогорку кызмат адамдары эч себепсиз эле « кол жоолуктай» алмаша баштады. Иниси Асылбек тез эле Жаныш Бакиевден ашып түшүп « серый кардиналга» айланды. Мунун баары аздык кылып жаткансып эми оппозициянын « оозу менен» «Конституцияга өзгөртүү киргизиш керек» -деген « акылдуу чакырык» бүгүн 10-апрелде Бишкекте сот системине арналган тегерек столдун жүрүшүндө айтылды. Эл арасында « тебетей жене» атка конгон Эдимл Байсалов «2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам демократиялуу жыргалчылыкка алып барган жок. Муну менен автор өзү деле макул болсо керек» –деген пикирин билдирди. Ал эми к коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов 1-2-беренени өзгөртүүдөн майнап чыкпай турганын айтып, жаңы Конституцияны жазууну сунуштаса, Кубатбек Байболов :»Парламенттик башкаруу натыйжасын бербейт экен деп жатышат. Бизде парламенттик башкаруу кире элек, биз ал башкаруунун босогосунда эле туруп калдык. Конституцияга кирген өзгөртүүлөр бизди талкалады, бийлик бир адамга топтолбой кош башкаруу болгондуктан кооптуу абалга жетти», — деген пикирин айтып чыкты.Баарынан «Бакиевдердин тамадасы» Адахан Мадумаров ашып түшүп» «Биз 3 айдын ичинде 130 миң кол топтоп койдук. Эгер бардык саясий күчтөр бириксек, 300 миң кол топтой алабыз. Конституцияны өзгөртүүдө мыйзамдуу жана маданияттуу жол ушул. Ошондо биз өлкөдө оппозиция бар экенин көрсөтөбүз», — деди. Оппозиция жөндөн жок эле эч убакта мындай чакырыктар менен чыкпайт болчу. Тескерисинче ар дайым Конституцияны кайра-кайра алмаштырууга каршы чыгып келген. Терен ойлонуп коргон адамга, Баш мыйзамды өзгөртүүгө бир гана Жээнбековдор кызыктар. Алар президенттик башкарууну кайрадан калыбына келтирип « эки чылбыр бир тизгинди» колго алууну көксөп жатышат. Ошентип 6 жылдан кийин кайрадан канкор Бакиевдердин системасы Жээнбековдор тарабынан коомчулукка танууланып жатканы өтө өкүнүчтүү. Деги качан өткөндөн сабак алып он жолго түшөр экенбиз?
Домой Саясат Конституцияны өзгөртүү аркылуу Жээнбековдор Бакиевдердин башкаруу системасын кайрадан алып келүүнү көксөп жатышабы?