Домой Коом Конституциялык кеңешмеде Кыргызстанда экинчи расмий тил катары англис тилин киргизүү сунушталды

Конституциялык кеңешмеде Кыргызстанда экинчи расмий тил катары англис тилин киргизүү сунушталды

61

Кыргызстанга экинчи расмий тил катары англис тилин киргизүүнү сунуштады. Мындай сунушту бүгүн, 26-ноябрда Конституциялык кеңешменин мүчөсү, Туризм департаментинин экс-башчысы Максат Чакиев пленардык жыйында билдирди.

Анын айтымында, англис тили эң популярдуу жана кеңири жайылган тилдердин бири катары Кыргызстандын эл аралык коомчулукка интеграцияланышына көмөк берет.

“Башка тилди расмий тил катары киргизүүнү Конституциянын долбооруна киргизүү маселесин кароону сунуштайм. Азыркы Конституцияда расмий тил орус тили болуп саналат. Бул туура жана өз убагында кабыл алынган чечим болду деп эсептейм. Мунун аркасында биз ондогон өлкөлөр менен өз ара аракеттене алабыз. Азыр 100дөн ашык өнүккөн өлкөлөрдө англис тили колдонулат, 10-20 мамлекетте расмий статуска ээ. Эгерде биз заманбап дүйнөлүк процесстерге катышууну кааласак, анда англис тилин экинчи расмий тил катары киргизишибиз керек” – деди ал.

Бул сунушка Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун директору, профессор Сыртбай Мусаев каршы чыгып, аны “абсурд” деп атады.

“Бул деген акылга сыйбас нерсе. Билем, баарыбыздын тилегибиз. максатыбыз бир. Бирок, максатка жетүү үчүн улуттун кызыкчылыгы курмандыкка чалынбаш керек, улутту башкалардын алдына басып бербеш керек” – деди ал.