Домой Саясат Конституциялык кеңешме: Аткаруу бийлиги үчүн толук жоопкерчиликти президент алат деген пункт киргизилүүдө

Конституциялык кеңешме: Аткаруу бийлиги үчүн толук жоопкерчиликти президент алат деген пункт киргизилүүдө

334

Кыргызстанда Конституциялык кеңешме аткаруу бийлигинин бардык бутактары үчүн жоопкерчиликти президентке жүктөөнү сунуш кылууда.

Бул тууралуу Баш мыйзамдын коомдук талкууга коюлган долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин мүчөсү Болот Токтобаев 4-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди:

«Логика боюнча президенттик башкаруу формасы болуп жаткандан кийин президент аткаруу бийликти башкарат деген нерсе бар. Аткаруу бийликке министрлер, өкмөттөн тышкары жергиликтүү органдар жана башка бийлик органдары кирет. Президент аткаруу бийлигинин башчысы болот. Өкмөт башчы деле бар болот, бирок аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин президент өзүнө алат. Ар кандай сунуштар болгон. Премьерди калтыралы дешти. 30 жылдын ичинде 30дан ашык премьер-министр кетпедиби. Анткени жоопкерчиликтин баарын премьерге түртүп салышчу. Эми өкмөт башчы деп Баш мыйзамга киргизүүнү караштырып жатабыз. Бирок дагы бир жолу кайталай кетейин, аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин президент алат. Бул боюнча беш берене бар эле, биз алтынчы пунктка президенттин жеке жоопкерчилиги деп кошуп койдук», — деди Болот Токтобаев.

Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда түзүлүп, ишин баштаган. Ага коомдук талкууга коюлган Конституциянын долбоорун талкуулоо милдети жүктөлгөн.