Домой Экономика “КӨМҮСКӨ ЭКОНОМИКАНЫ КОЛДОГОНДОР ӨКМӨТТӨ, ПАРЛАМЕНТТЕ ОТУРУШАТ”

“КӨМҮСКӨ ЭКОНОМИКАНЫ КОЛДОГОНДОР ӨКМӨТТӨ, ПАРЛАМЕНТТЕ ОТУРУШАТ”

21
“Расмий статистика боюнча 2018-жылы Кыргызстанда көмүскө экономика 23,6%ды түздү” деп “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында экономика министри Санжар Муканбетов билдирди. Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 23,6%ды түзө турганын айткан министр эксперттердин маалыматы боюнча, ишкерлер “катып жүргөн” каражат 1,5 млрд. долларды түзөрүн белгиледи. “Өкмөт ал каражаттардын улуттук экономикага иштешине кызыкдар. Мындан улам капиталды мыйзамдаштыруу, же башкача айтканда, мунапыс берүү демилгеленген. Мыйзамдаштырылган каражаттардын бир бөлүгү экономиканын өсүшү үчүн жумшаларына ишенебиз” деди ал. Ал белгилегендей, тийешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. “Мыйзам долбоору өтүп калса, капиталды мыйзамдаштыруунун жүрүшүндө ал каржы каражаты кайсы жактан келгенин эч ким иликтебейт, эч ким жазага тартылбайт” дейт. Эл аралык эсептерге караганда, бизде бизнестин 40%ы көмүскөдө, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 60-70% компаниялар ачык-айкын иштешпегени бештен белгилүү. 

“Экономика министринин маалыматына кандай пикирдесиз?” деген суроо менен эксперттерге кайрылдык. 

Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илимдеринин доктору:

— Бул туура эмес цифра. Кеминде көмүскө экономика 50-60%ды түзөт. 23%ды түзүш үчүн өлкөнүн бюджети дагы 23%га өсүшү керек болчу. Бюджеттин кирешеси өспөй эле төмөндөп жатса, кай жактан журүп көмүскө экономика ылдыйлайт? Бул логикага жатпайт. Акыл-эске сыйбайт.

Эсеп-кысаптар бар. Контрабандалык жүктөр каттоодон өтүп, бирок кош бухгатерия менен иш кылып жаткандардын баарынын учетун табыш керек. Анүчүн салыкчылар, салык инспекциясы менен финпол жакшы иш алып барышы шарт. Эгер салык инспекциясы менен финпол өздөрү кошо бөлүшүп, өздөрү колдоп жатса, көмүскө экономиканы токтото албайбыз. А бирок, салык инспекциясы менен финпол ага бара албайт. Анткени көмүскө экономиканы колдогон чоңдордун баары өкмөттө, парламентте отурат. Алардын дагы мафиялык топтору бар. Кээ бирөөлөрүн “каралар” колдойт. Мындан чыгуу азыр чоң көйгөй. Азыркы өкмөт дагы буга каршы иш жүргүзө албайт. Өкмөт иш баштаса, Жогорку Кеңеш дароо эле өкмөттү таратып жиберет.

Кубан ЧОРОЕВ, экономика боюнча эксперт:

— Негизинен “көмүскө экономика” деп эсепке алынбаган экономика кирет. Алар статистикага же салыкка эсептелинбейт. Бизде болсо көмүскө экономиканын деңгээли 40%дын тегерегинде болуп келген. Аны эсептөөнүн дагы ар кандай методикалары бар. Ошондуктан, ар кандай метод менен алганда, түрдүү цифраларды көрсөтө берет. Бизде чындыгында эле көмүскө экономиканын деңгээли жогору. Себеп дегенде, көбүнчө накталай акча жүгүртүлөт да. Мындай акча жүгүртүлгөн жерде көмүскө экономиканын дагы деңгээли чоң болот. Мисалы, ошол эле Орусияда бүт юридикалык жактарды банк аркылуу эсептештирип койгон. Ошондуктан, канчалык накталай акча жүгүртүүлөр азайган сайын, ошончолук көмүскө экономика дагы аз деңгээлде болот.

Марлен МАМАТАЛИЕВ, ЖК депутаты:

— Көмүскө экономикадагы көйгөйлөрдү канча жылдан бери эле айтып келатышат, бирок көзгө көрүнөрлүк жумуш жок. Анын деңгээлин түшүрүш үчүн биринчи фискалдаштыруу, санариптештирүү жана үчүнчүсү аткезчиликти токтотуу зарыл. Өкмөттүн фискалдаштыруу боюнча алдын ала даярдалган планын көрдүм. Азыр алар кагазда эле турат. Эгерде ал ишке ашса, көмүскө экономиканы 10%га чейин азайтса болот. Бирок, ошону өкмөт аткара алабы? Бул чоң маселе.

Жамиля Нурманбетова

 “Азия Ньюс” гезити