Домой Коом Көмүрдүн 1 тоннасынын баасы 5 миң сомго чейин чыгууда

Көмүрдүн 1 тоннасынын баасы 5 миң сомго чейин чыгууда

92

Бүгүн, 5-октябрь күнү мамлекеттик “Кыргыз көмүр” ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов, 10 күндөн кийин Кара-Кече көмүрү 5 миң сомдон 3500 сомго чейин арзандарын убада кылган.

Анын айтымында, Бишкек менен Чүй облусунда көмүрдүн сатылуучу запасы тууралуу мониторинг жүргүзүлгөн. Көмүр сатылуучу кампаларда кара алтын акырындык менен толо баштаган. 10 жүк ташуучу унаа кампаларга күнүгө 200 тонна кара алтын түшүрүп жатканын айтып, көмүрдү эл бат эле талап кетип жатканын баса белгиледи.

«Бул ажиотаждын башталганына 3 эле күн болду, мына бүгүн 4-күн. Бизде жыл сайын эле ушундай көрүнүш боло берет. Кара-Кечеде канча көп көмүр өндүрүлсө, анын баасы Бишкекте ошончолук арзан болот. Бүгүнкү күндө бир тонна кара алтындын баасы 4,5-5 миң сомдун тегерегинде, 10 күндөн кийин ал 4 миңге арзандап, андан ары 3500-3800 сом болуп калат. Былтыр ушундай болгон, Кудай буйруса көмүр быйылда арзандайт деп турабыз», деген ишкананын жетекчиси.

Бир тонна көмүр Кара-Кече кенинде 1330 сомдон сатылууда, көмүрдүн шаарга чейинки транспортировкасы 2000 сом болот. Ошондо көмүр Бишкекке 3330 сомго жетет, буга ортомчулар 1000-1500 сомдон кошуп сатышат, ошондуктан көмүрдүн баасы 4,5 миң сомду ашып кетип жатканын, кошумчалаган.

Буга карай, министрликтин жаңы программасы боюнча жүк ташуучу унаалардын айдоочулары ассоциациясы менен көмүрдү ортомчусу жок, арзан ташып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы да белгилүү болду.