Коммуналдык кызматтарды төлөө мөөнөтүн жылдыруу маселеси дагы каралып жатат. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев билдирди.
«Коммуналдык кызматтарды төлөө мөөнөтүн жылдыруу маселеси каралууда. Бирок кабыл алынып жаткан ар бир чечим коммуналдык кызматтардын, суу менен камсыздоого жана энергетиканын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши зарыл», — деди Асрандиев.
Вице-премьер салык жана кредит үчүн каралып жаткан жеңилдиктер боюнча дагы кеп кылды.