Домой Коом Комитет чек ара маселесин жабык карап жатат

Комитет чек ара маселесин жабык карап жатат

51

Комитет жыйынына премьер-министрдин министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов чакырылып, Баткенде сапарда болгондуктан келген эмес.

31-майда Баткенде, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чуудан Кыргызстандын 25 тургуну жабыркаган. Учурда алардын төртөө ооруканада жатат. Чыр Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан келип чыкканы айтылган.

1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жолугушкан.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтү чек арадагы соңку окуяны биргелешип иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну макулдашкан.

Булак: Азаттык