Домой Коом КӨЛДYК ДУНГАН ТУУГАНДАР

КӨЛДYК ДУНГАН ТУУГАНДАР

602

Адам баласы Адам атадан жана Обо(Ева) энеден тараган дегенге
ишенсек, бул жер шаарындагы адамдын баары тең биртууган экен.
Бирок, ошентсе да, ар бир эл, ар бир улут өзүнчө маданий, диний жана
ой жүгүртүү өзгөчөлүгүнө ээ. Биз алардын баарынын өзгөчөлүгүн
сыйлап, түшүнүү менен кабыл алышыбыз зарыл. Ал үчүн башкалар
тууралуу маалыматка ээ болуубуз керек. Ысык-Көл облусунда дагы ар
түркүн улуттун өкүлдөрү жашайт. Биз бул жолу дунган туугандардын
жашоосу, салт-санаасы менен таанышууну көздөдүк.

Ырдык (мурдагы Дыйшын) айылына бара жатып бала чакта
Нарын шаарында жашаган атамдын дунган досун эстеп койдум. Аты
эсимде жок, бирок бир нече жолу анын үйүнүн ичиндеги секичеде тактай
алдынан келген жылуулукка магдырап олтурганым эсимде.

Ошентип, алгач Ырдык айылына бардым. Мында 3000дин тегерегинде
адам же 700 түтүн эл бар. Көпчүлүгү дунгандар болгон менен кыргыз,
калмак, казак, уйгур сыяктуу башка улуттар да жашайт. Алар 140 жылдан
бери ынтымакта жашап келишет. Айылда 600дөн ашык окуучу билим алып, эне
тили (дунган тили) сабагы жумасына бир жолу өтөт экен.

Алгач бул жерге 1877-жылы августта 1116 дунган улутундагы адам
Юсупов Хазирет деген руханий жетекчинин баштоосу менен кытайдан
келип, тарыхый аты Маринск деп аталган ушул айылды түзүшкөн. Алар
биринчи жолу Кытайдан келип, Омск губернаторуна жер сурап барганда,
ошол күнү губернатор кыздуу болгон экен. Ал: “Менин кызымдын аты
Марина, кайсы жерге айыл түзсөңөр ошол жерди анын атынан койгула”,- деп
сунуштаган дейт. Ошондон кийин бул жер алгач Маринск айылы деп аталган
экен. Губернатор алардан “Силер эмне деген элсиңер, эмне менен
алектенесиңер?” деп сураганда алар өздөрүн кытайлык мусулмандар деп
тааныштырып, “биз жер иштетебиз, жашылча айдап, айыл чарба
өсүмдүктөрүн өстүрөбүз. Бизге жер керек” дешитир. Ошентип, алар жер
алууга уруксат алгандан кийин жерди суунун салмагы аркылуу издешкен дейт.
Аксакалдардын айтуусунда, алар Каракол, Ак-Суу, Дыйшын суусун таразага
салып, жер тандашкан. Бирок, анда кандай сыр бар- бул табышмак.
Алар айылды “Эрдэх” деп аташкан. Дунган тилинде бул “Экинчи
капчыгайдын суусу” дегенди түшүндүрөт дешет. Алардын айтуусунда,
Каракол суусу биринчи капчыгайдан агып чыкса, Ырдык айылына келген суу
экинчи капчыгайдан агып чыгат. Кийин бул сөз кыргыздардын тилине
ылайыкташып “Ырдык” деп айтылып калган.

“Биздин жер кумдак. Суу Кызыл жардан кумду алып келет. Андыктан,
пияз жакшы өсүп, сабиз жылмакай болот. Жерге суу да, жер семирткич да
жакшы сиңет. Жер кыртышы бат кургайт, тез-тез сугарасың,”-дешет
дыйшындыктар. Азыр бул айылда бардык дан өсүмдүктөрү, жашылчанын
түрлөрү, жусай, жүгөрү жана башка өсүмдүктөр айдалат. Караколдуктарды
жашылча менен Дыйшын, Конкино айылдары тейлейт деп бекер айтылбаса
керек.

137 жыл мурда кытайлык Маньчжуро-Цин династиясына каршы
куралдуу көтөрүлүштүн башчыларынын бири болгон Юсуп Хазирети
кытайлар кубаттуу техникаларды алып келе баштаганда, элди ээрчитип көлгө
келген дейт. Дыйшындыктар аны чөлдө дуба окуп суу чыгарган касиеттүү
адам деп билишет экен. Азыр мектеп директору Юсупова Зебера мына ошол
кишинин неберелери болот экен.

2017-жылы айылдын 140 жылдыгы өткөрүлүп, маданият үйүнүн жанына
ошол биринчи капчыгайдан чыккан суунун жээгиндеги таштардын бирин алып
келип, Ырдык-Таш деген эстелик орнотулган.

Негизи эле, дунган этносу жер шаарындагы эң жаш этно болуп саналат.
Анын жаралышы 7-кылымдын экинчи жарымына таандык. Улуттун өсүшү
Улуу Жибек жолунун гүлдөп өсүшү менен байланышкан. “Дунган”
(тунгэн) этноними хуэйцзулар Кытайдын чыгышынан жана борбордук
райондорунан Синьцзянга качып келе баштаганда пайда болгон.
“Дунган”деген сөздүн өзү “Чыгыштан келген киши” дегенди билдирет.
Ошентип, элеттиктер менен баарлашып, алардын арасынан кызыктуу
кишилерди кезиктирдим. Айылда немец тили сабагын берип жүргөн 67
жаштагы айыл тургуну Дагазиев Люшур ага жөнүндө көп жазгым келген.
Көзүнөн мээрим төгүлгөн адам экен. Аны айылдаштары “Дүйшөн агай” деп
койгону өзүнчө кызык. Өзү немец тилинен сабак берсе да, кыргыз тилин
окутууга көп көңүл бөлүү керектигин айтып келет. Ал өзү жөнүндө жазбай
эле кой десе да, анын “Кыргызстан элдеринин достугу” урааны алдында
“Ырдык-бир тууган” деген долбоору жөнүндө айта кетпесем болбос.
Долбоордун алкагында ал Ырдык маданият үйүнүн алдында 5 айылдын
бардык этносун бириктирген ыр, бий фольклордук ансамбль түзүп, айыл
жаштарынын маданий эс алуусун уюштурсакпы дейт. Ал үчүн 150-200
орундук маданият үйү, бир катар музыкалык аспаптар, көркөм жетекчи болчу
киши бар болгону менен штат жок. Буга 180 миң сом керек.

Ырдык айыл өкмөтүндө беш-Ырдык, Жон-Булак, Балтабай, Конкино,
Ырдык (Дыйшын), Кытай айылдары бар. Алардын эли Совет учурунда өтө
ынтымактуу жашашкан. Убакыт өтүп, улам барган сайын ар ким өзү менен
болуп, эл бир-биринен алыстап баратат деген жүйөөлү сөздөрдүн айтылып
жүргөнүн эске алсак, бул долбоорду колдоо чоң мааниге ээ.
Ар бир жанга 46 сотый жер бөлүнгөн бул айылда жалпысынан 4000
гектар жери бар. Дунган туугандар республикадагы башка дунган
улутундагылар менен тыгыз байланышта экенин уктук. “Хуэймин бо” дунган
гезити 3400 нускада дунган, орус тилдеринде чыгат.
Эң кызыктуусу, айылда 100 жылдан ашык турган курулуштар бар экен. Биз
аларды көрүү үчүн көчөлөрдү кыдырып чыктык.

Бийиктиги 7 метрге жакын зор дарбазанын алдында өзүмдү өтө эле
кичине сездим. Мурда ушундай дарбазалар көп болчу экен. Муну кытайлар
салганын ушул дарбаза турган үйдө жашаган Идрис Янхаев деген ага айтат.
Ал “Бул дарбазаны кызыл китепке киргизиш керек” деген пикирлер да
болгонун белгиледи. Бул үйдө ата-энем, чоң ата-чоң энем жашаган.
Дарбазаны ким салганын так билбейбиз деди ал.
Биринен бири кичине болгон кытай архитектурасын чагылдырган чатырчасы
бар айылдагы фельдшердик пункттун, дунган ресурстук борбордун өмүрү 100
жылдан узак экен. Бир да мык колдонулбай, ашталып жасалган бул жай мурда
бирөөнүн турак үйү болсо керек. Себеби, мурда бардык үйлөр ушундай болчу
дейт айылдагылар.

Мурдагы боюнча сакталып калган дагы бир үйгө барганыбызда, чоң
устундар менен үй астына калемпир жайып, көлөкөлөп олтурганга
ылайыкталган айбанча турат. Кызыл, жашыл, сары боёктору өчүп калган
жыгачка оюлуп жасалган ар кандай оймо-чиймелерди карап турсаң,
сыртынан баары гүл болуп көрүнгөн менен, куш, анар, балык, бугу, ажыдаар
сөлөкөтү бар экенин байкадым. Ал үйдөн чыккан Фатима деген татына кыз
бул оймолор ага абдан жагарын, чоң аталары жашаган бул үйдө ал да өмүр
кечирип жатканын сыймыктануу менен айтты.

Албетте, дунган айылында жүрүп, дунган уксузун, башка тамагын кой,
биз күндө жеген ашлянфу жөнүндө сурабай кантип кетем? Ошол ашлянфу
бизге дал ушул Дыйшындан тараган деп айтылып келет. “Лең” –салкын.
“Фын” крахмал. Ошондо, бул тамактын аты “ленфын” Ал эми “аш” деген
муунду кыргыздар кошуп алса керек дейт мындагылар. Булардын белгилүү
уксузу улпактан жасалат экен. Бул боюнча ар бир кожойкенин өз сыры бар.
Ал сыр оңой менен айтылбайт, өлсө, канында кетет дейт кай бири. “Акылдуу
келиндер болсо кайнененин өнөрүн өздөрү үйрөнүп алат. Биздин энебиздин 7
келини бар, энебиз уксузду өзгөчө жакшы жасаганы менен, алардын эч
кимиси ал өнөрдү алып кала алган жок”-, дейт дагы бири. Учурда Дыйшында
4 гана байбиче уксуз жасашат экен.

Алардын салт-санаасы бизден айырмаланат. Башка майрамдардын
баарынан айт майрамын улук деп эсептешет. Ал эми үйлөнүү үлпөтү кызыл
түйүнчөк менен башталат экен. Дунгандарда ак түс аза күтүүнү билдирсе,
кызыл кубанычты сыпаттайт. Андыктан маданият үйүнүн директору
Калимов Харсан ага кызыл түйүнчөктү жуучулар кызга көтөрүп барышканы,
эгер кыз жигитти жактырса, аны бошотуп берери, жактырбаса кайра эле
кайтарып коерун айтып берди. Бир кызыгы, жаңгак, кант, чай сыяктуу
нерселер салынган ушул түйүнчөк бир эле жолу келбей, 3- жолу келгенде
гана, кыз жана күйөө тарап чогулап сүйлөшөт экен. Дыйшында беш кызыл
түйүнчөк менен кыз үйлөнүү үлпөтү сүйлөшүлүп бүтөт. Аларда кызга калың
көп сурабаган менен, жигит тараптан кызга, анын туугандарына алтын зергер
буюмдар көп берилет экен. Үч күн мурун кыз жакындары менен сый
дасторкон үстүндө чай куюп берип, ошол жерде кайын журтка кандай мамиле
кылуу керектигин тереңирээк билет. Тойдо дасторконду бир аял тейлеген
менен, эркектер тамак ташып, аларды тейлеп турары да кызык экен.
Айтоор, бул эл мусулманчылыкты тутунуп, өз салтын сактап калган,
Кытайдын байыркы тили менен сүйлөшөт. Азыркы кытайлар арадын көп
сөзүн түшүнө бербейт.

Айылда башка бир катар жердегидей эле бала бакча, таза суу көйгөйү
чечилген эмес. Бирок, таза суу киргизүү жумушу акырындап жүрүп жатат.
Жолдору да четинен оңдолууда дейт айыл өкмөт башчысы Таалай Закиров.
Ушу айылдын 200 уулу Улуу Ата Мекендик согушта согуш талаасында
курман болгон. Деги эле, алар сыймыктанган маданияттын жана илимдин
белгилүү уул-кыздары арбын. Алардын бир нечесин гана атай кетейин,
дунгановед-лингвист Юсуп Янхеев, илим кандидаттары Хусейин Бугазов,
Абдрахман Дагазиев, Сафар Малянчиков, Зухра Алиева, профессор Фатима
Макеева жана башка узун тизмени айта берсек уланып кете берет.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА