Домой Спорт Көчкү басып калган адамды досу сактап калды. Чочуткан видео

Көчкү басып калган адамды досу сактап калды. Чочуткан видео

81
Сноубордчулар менен лыжачылар кетип бара жатканда тоонун этегине келип калган көчкү алардын бирин басып калган.
Окуя Сочидеги Адлер районундагы курортто болгон. Аны сноубордчуну куткарып калган досу өзү тартып калган.
Анын аман калган видеосу Baza Тelegram каналына жүктөлгөн.
Аларга тоонун этегин жандай кетип бара жатканда кыймылга келген кар «каарын» көрсөткөн. Көчкү алдында калганын көргөн досу тез жете келген. Анын тирүү калышына сноубордчунун колу кардан чыгып калганы да жардам берген. Кадрдан экөөнүн тең калтаарып калганын байкоого болот. Бактыга жараша, сноубордчуну лыжасы куткарып калган.