Домой Коом Кочкор районунда Турдакун Усубалиевди эскерүү иш-чарасы өттү

Кочкор районунда Турдакун Усубалиевди эскерүү иш-чарасы өттү

139

Кочкор районундагы тарыхый край таануу музейинде көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн урматына арналган маданий иш-чара өткөрүлдү.

Маалыматка караганда, ага аким Темирболот Абыкеев, райондук маданият кызматкерлери, мекемелердин жетекчилери катышты. Иш-чарада көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин өмүр баяны, мамлекеттин өнүгүүсүнө жасаган эмгектери эскерилди. Музейдин кызматкерлери Турдакун Усубалиевге арналган көргөзмө менен тааныштырды.

«Кочкор айылында Турдакун Усубалиевдин музейи жана эстелиги үчүн Кочкор райондук администрациясынын имаратына катарлаш жай бөлүнүп берилип, капсула салынган. Бүгүнкү күндө акча каражаты жоктугунан токтоп турат. Бул ишти да колго алып аягына чыгаруубуз керек», — деди аким.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районундагы Теңдик айылында туулган.

булак: turmush.kg