Кочкор районунун Кара-Суу айылынын мергенчилери Сакыев Жаныбек ,Мамбетсадыков Турат,Данияров Нурлан баштаган мергенчилер малга кол салган карышкырдын дөбөтүн атып алышты. Алардын айтымында, карышкыр атуу боюнча уюшулган топ Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Бороон-Төр жайлоосундагы Кызыл-Коргулдан карышкырдын дөбөтүн атып алышкан. Азыркы учурда дагы 12 бөлтүрүк, бир дөбөт карышкыр ургаачысы менен аңдууга алынууда. Бөлтүрүктөрдүн жайгашкан жери аныкталып, жакын арада жок кылынат.
Карышкырлар Кош-Дөбө айыл аймагындагы 50 кулун, топоздун 48 мамалагын, 30 койду жеп, малчыларга бир катар зыяндарды алып келген.Азыркынын баатырлары ушул мергенчи жигитерибиз.Элдин камын ойлоп,айылдаштарынын батасын алып турган каармандарыбыз аман болсун.
Суроттор www.turmush.kg сайтынан алынды.
free samples of cialis sold in the usa.