Домой Коом Кочкор: жылкы сүзүп алган автоунаадагы 19 жаштагы кыз каза болду

Кочкор: жылкы сүзүп алган автоунаадагы 19 жаштагы кыз каза болду

34

23-ноябрдын  кечинде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган. Кочкор районунда жылкыны сүзүп кырсыкка кабылган автоунаадагы бир жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматта: «Кочкор районундагы Төлөк айылында 23-ноябрь күнү саат 22:10до Nexia унаасынын айдоочусу жылкыны сүзүп жолдон чыгып кеткен. Кырсыктан 19 жаштагы бир кыз каза болуп, 27, 23 жана 21 жаштардагы үч эркек адам жабыркаган», — деп айтылат

Жерине ӨКМдин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.