Домой Коом Кочкор району боюнча пандемия илдетинин коркунучтарын алдын алуу боюнча тийиштүү иштер аткарылууда

Кочкор району боюнча пандемия илдетинин коркунучтарын алдын алуу боюнча тийиштүү иштер аткарылууда

304

Мындай маалыматты Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Темирболот Абыкеев билдирди.


Район боюнча 11 айыл өкмөт болсо, ар бир айылдарында 35 атайы күндүзгү стационардык кабылдамалар уюштурулду. Кабылдмаларда 158 койка жайгаштырылып жарандарды район борборуна келтирбестен жеринде алгачкы жардам көрсөтүү ишин аткарат. Бул ишти колго алуу жагын ар бир айыл өкмөт башчыларына жана жергиликтүү ФАПтардын дарыгерлерине тапшырылып күжүрмөн эмгек менен ишке ашырылууда. Азыркы учурда да жер жерлерди кыдырып жетишсиз дары дармегин жана тийиштүү каражаттарын камсыз кылууга аракеттер жумшалууда.
Район боюнча бүгүнкү күндө медиктерибиз күнү түнү эмгектенип жатат. Учурдан пайдаланып жалпы районубуздагы эмгектенип жаткан дарыгерлерибизге Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман терең ыраазычылык билдирем.


Район боюнча 2 ИВЛ аппарат жана 20 дан ашык кислородный консентрат жарандарыбыздын ден соолугу үчүн даярдалды. Мындан сырткары бүгүнкү күндө чет жактагы жана республикабыздын булуң бурчунда жашап иштеген жердештерибиз дары дармек, дарыгерлер үчүн атайы кийимдер жана кислородный консентрат аппараттарын алып берип жатышат.

Жалпысынан алгандарайонубузтолук кандуу даярдыкта турат деди Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Темирболот Абыкеев.