Домой Коом “Кочкор коому” райондук мекемелерге автоунааларды белек кылды

“Кочкор коому” райондук мекемелерге автоунааларды белек кылды

1114

Жалпыга маалым болгондой аз күн мурун Садыр Жапаров Кочкор районуна барып бир катар жаңы салына турган имараттарга капсула салып жана курулуп бүткөн имараттардын ачылышына катышкан. Жаңы бүткөн имараттардын бири- бул райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кабаттуу имараты. Эске сала кетсек, мурунку имаратынын курулганына 70 жыл болуп, авариялык абалда болчу. Жаңы имарат куруу  үчүн өкмөттөн  2018-жылы 33 млн. сом бөлүнгөн.

Райондук милициянын ачылыш аземине “Кочкор коому” да  кур кол барбай, бир  автоунаа белек кылды. Дагы бир автоунааны райондук санэпидемстанцияга белек кылышты. Албетте, райондук мекемелер үчүн мындай белек чоң олжо болуп калды. Буга чейин  аталган коом Кочкор райондук маданият үйүнө жана айыл өкмөттөргө да автоунааларды белек кылган…