«Клооп» басылмасынын оператору Хамидулло Узаков Ош ШИИБиде 11-январда сурак берди. Буга Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Русланбек Матраимовдун жазган арызы себеп болгон. Узаков «Азаттык» радиосуна билдиргендей, сурак эки сааттан ашык убакытка созулду.
— Биз 9-январда Ленин көчөсү 308 дареги боюнча жайгашкан кароосуз калган имаратты тартканбыз. Ошол маалда бир жигит келип Субаналиев 315 дарегин айтып, “ошол үйдү тартып жатасыңарбы” деп шектенди. Кийин “видеолорду көрсөткүлө” деди. Өзүн ошол үйдүн ээсинин иниси болом деп тааныштырды. Биз мыйзам бузган жокпуз деп жооп берип, эгерде ошентип эсептесе, милицияга кайрылууну айтканбыз, — деди Узаков.
Оператор милициянын чакыруу кагазында мөөр басылбаганын жана жашаган дареги туура эмес көрсөтүлгөнүн кошумчалады.
Ушул эле арыз боюнча 10-январда «Клооптун» журналисти Элдияр Бакиров менен айдоочусу Бекболсун Кайыпов сурак беришкен.
Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө караганда, Матраимов «белгисиз топ үйүн дрон менен тартып, жеке жашоосунун кол тийбестигине жана коопсуздугуна шек келтирип жатат» деп арыз жазган. «Клооп» буга чейин Райымбек Матраимовдун мүлктөрү жана бажыдагы коррупция боюнча “Азаттык” радиосу, Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны изилдөө борбору менен бирге бир нече журналисттик иликтөө жарыялаган.
Булак: Азаттык