Домой Саясат “Клооп-Медианын” “самарагейтин” “Сорос фонду” неге каржылаган?

“Клооп-Медианын” “самарагейтин” “Сорос фонду” неге каржылаган?

42

kloop_transparent_site

“Клооп” аттуу интернет-сайтынын ” samara.kg сайты тууралуу учурган “беш өрдөгү” эсиңиздерде да? Анда Сооронбай Жээнбековдун штабы жана өкмөт КР мамлекеттик каттоо кызматынын базасында сакталган 2 миллиондун тегерегиндеги персоналдык маалыматтарды чогултуу жана колдонуу аркылуу lisinopril amlodipine combination. www.samara.kg жана www.mls.kg жеке сайттарынын жардамы менен президенттик шайлоого таасир этүүгө аракет жасаган деген доомат коюлган.

Албетте, буга мамлекеттик каттоо кызматы атайын иликтөө жүргүзүп, “Клооп” жазган макала таптакыр чындыкка дал келбей тургандыгын далилдеп берген. “Клооптун” болгон максаты мына ушундай жалган ушакты таратуу менен болуп өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракети экени оркоюп эле көрүнүп калды.

Көрсө, бул “самарагейттин” чыгуусун “Сорос” фонду каржылаган экен. Бул фонд кимдин камчысын чаба турганын баарыбыз жакшы билебиз да. Аталган фонддо Ө. Бабанов өкмөт башчысы болуп турган кезде маалымат катчысы болгон Султан Каназаровдун аялы иштейт. С. Каназаров убагында Убактылуу өкмөттүн төрайымы болгон Роза Отунбаеванын да маалымат катчысы болгон. Роза апчебиздин да “Сорос” фонду менен байланышы бар экени белгилүү. Демек, ошондо “Самарагейт” Р. Отунбаева жана Ө. Бабановдун “демилгеси” менен ойлонуп чыгарылган деп тыянак чыгарууга толук негиз бар.

Анын үстүнө жакында эле “Клооптун” Ош шаарында бюросу жана журналистика мектеби ачылганын анда иштеген кызматкерлердин бири “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирип чыкты. Анын берген маалыматына караганда аталган бюро жана журналистика мектеби “Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосу менен ачылган экен. Мына ушунун өзү дагы “Самарагейттин” негизги уюштуруучулары Ө. Бабанов, Р. Отунбаева экендигин жана аны аткаруучулар “Сорос-Кыргызстан” фонду менен С. Каназаров экендигин ачык көрсөтүп турат.