Домой Коом Kloop.kg сайты хакердик чабуулга кабылганын билдирди

Kloop.kg сайты хакердик чабуулга кабылганын билдирди

63

Kloop.kg сайты хакердик чабуулга кабылды. Бул тууралуу интернет-басылма “Твиттердеги” расмий баракчасына жазды.

“Азыр биздин сайт DDoS-чабуулга кабылды. Мунун артында ким турарын азырынча билбейбиз, бирок сайттын иштөөсү оорлоду. Адистерибиз калыбына келтирүү аракетин көрүп жатышат” деп кабарланды.

Kloop.kg — жаңылыктар веб-сайты. Авторлорунун көбү «Клооп Медиа» коомдук фондунун журналистика мектебинин бүтүрүүчүлөрү.

Сайт 2007-жылдан бери иштейт. Бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн жергиликтүү жана эл аралык сыйлыктарга татыган.

Жакында сайтка Бишкектеги Ататүрк гүлбагынын аймагынан мамлекеттин мурдагы жана кийинки жетекчилери, өкмөт башчылары, министрлер, депутаттар жана ыңкылаптын башында турду деген төбөсү көрүнгөн саясатчылар кантип жер тилкелерин алышканы тууралуу атайын иликтөөсү чыккан.

Булак: Азаттык