10 жылдан ашык бокс боюнча дүйнө чемпиону болуп, алдына эч кимди чыгарбай (жалпы 64 жеңиши, 4 утулушу бар ) келген 39 жаштагы Владимир Кличко өткөн жылы күчү ашып-ташып турган 27 жаштагы (жалпы 25 жеңиши, утулган эмес ) Тайсон Фьюриден азыраак упай менен жеңилип калганына Кличконун күйөрмандары өздөрү жеңилгендей эле катуу кайгырышкан. Мына ошондон баштап оор салмактагы эки мушкердин реванштык беттешүүсүн бүт дүйнө чыдамсыздык менен күтүп келет. Беттешүү азырынча быйылкы жылдын (буга чейин 7-майда өткөрүү максат кылынган) 4-июнуна белгиленгендиги боюнча маалыматтар айтылганы менен, ал да азырынча 100 пайыз так эмес. Беттешүү (Бириккен Араб Эмиратында же Англияда өтүшү мүмкүн) датасы дагы нарылап жылып кетиши толук ыктымал. Кличкону таптагандар, учурда анын даярдыгы жогорку деңгээлде экенин баса белгилеп жатышат. Эгер Тайсон Кличко менен беттешүүдөн баш тартса, анда мурда айтылгандай ал 10 млн. доллар айып тартып калат. Айтмакчы, былтыр Германияда өткөн беттешүүдө Тайсондон утулуп калган Кличко 22, 5 млн. доллар гонорар алса, дүйнөнүн жаңы чемпиону Тайсондун гонарары 5 миллионго бааланган.