Домой Коом Клара Сооронкулова: “Каттоодо турган эл артистин кабыл албай койгонуңарда сыр бар…”

Клара Сооронкулова: “Каттоодо турган эл артистин кабыл албай койгонуңарда сыр бар…”

1645

Клара Сооронкулова өзүнүн интернет баракчасынан “Элмирбек Иманалиевке эмне себептен ыкчам медициналык жардам көрсөтүлбөй калганы тез арада иликтениш керек. Спецбольница болбой куруп калсын. Пайдасыз депутат же министр болсо жан далбастап чуркашмак, эмне үчүн кыйналып турган адамды ары бар, бери бар деп түрткүлөшөт. Адамды кооптуу абалда жардамсыз калтыруу үчүн кылмыш жаза жоопкерчилиги каралган, күнөлүү адамдар жооп берсин. Өткөндө бир киши айтты эле, спецбольницанын реанимациясы эч кимди кабыл албай жатыптыр, коронавирус жуктурган чоңдорду кана кабыл алат экен деп. Калп же чын экени белгисиз, бирок каттоодо турган эл артистин кабыл албай койгонунда бир сыр бар.”- деди.

Булак: Багыт