КККББнын кызматкерлери тарабынан бажылык укук бузуу фактылары аныкталып, келтирилген зыяндын суммасы болжол менен 1 миллион сомду түзгөн
Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Э» ЖЧКсынын дарегине 2020-жылы чыгарылган «BMW M550i xdrive» үлгүсүндөгү унаа «Убактылуу ташып келүү» жол-жобосу менен таризделип келгендиги аныкталган.
Көрсөтүлгөн ЖЧК тарабынан «Убактылуу ташып келүү» жол-жобосунда каралган мөөнөттөрдүн бузулушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетине туумдарды кошкондо 734 485 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Мындан тышкары, МБК КККББнын кызматкерлери тарабынан бажы наркын төмөндөтүп көрсөтүү менен дагы бир бажылык укук бузуу фактысы аныкталды.
«М.М.А.» аттуу жеке адамдын дарегине ички керектөө үчүн чыгаруу жол-жобосу менен бажылык тариздөөдөн өткөн 2021-жылы чыгарылган «BMW X7» үлгүсүндөгү унаа бажы наркын төмөндөтүп алып келинген. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы туумдарды эсепке албаганда 248 миң 900 сомду түздү.
Жогорудагы фактылар КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.