Домой Кылмыш КККББнын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзам бузуу фактысы аныкталды, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы...

КККББнын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзам бузуу фактысы аныкталды, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 8 миллион сомдон ашты

118

КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бажылык укук бузуу фактысы аныкталды.

ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, Европа Бирлигинин аймагынан Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБ аймагына «Б.В.Р.» ЖЧКнын дарегине «Volvo» маркасындагы 10 бирдик атайын техникасы алынып келинген.

Жүк коштоочу документтерин текшерүүдө аталган компания тарабынан ТЭИ ТН боюнча товардык коду жөнүндө жалган маалымат берилгендиги аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 8 813 429 сомду түздү.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.