Домой Коом Кинорежиссер Болот Шамшиев дүйнө салды

Кинорежиссер Болот Шамшиев дүйнө салды

123

Белгилүү кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Таанымал кинорежиссер ноябрь айынын соңунда Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиникада реанимацияда экени айтылып жаткан.

Болот Шамшиев кыргыз-совет кинорежиссеру. СССРдин Эл артисти. Ал 1941-жылы 12- январда Фрунзеде төрөлгөн.

Ал тарткан “Караш-Караш окуясы”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Эрте келген турналар” жана башка көркөм тасмалар калың элге кеңири белгилүү.