Ош ОИИБдин басма сөз кызматы: 27-ноябрь күнү Өзгөн районунун Макаренко айылында 8 жаштагы кыздын асынып каза болушу боюнча окуянын айрым жагдайлары тууралуу маалымат таратты.
Маалыматта: Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, окуя 27-ноябрында саат 14:30 чамасында болгондугун аныкталгандыгы. К.А. белгисиз себептерден улам үйүнүн короосундагы 2 кабаттуу мал сарайдын чатырындагы тосунга пресс жип менен асынып өлгөндүгү айтылат. Ал айылдагы мектепте 3-классында окуган. Өз классында сабакты жакшы окуган үлгүлүү окуучулардын бири болгон. Окуя болгон күнү онлайн сабакка катышкан эмес. Апасы мугалим болгондуктан ал күнү балдары онлайн сабакка колдонуучу кол телефонунун алып, онлайн конференцияга катышканы мектепке кеткен. Үйүндө 10 жаштагы эжеси жана 5 жаштагы иниси менен калган. Чоң атасы менен атасы жума намазда болушкан.
Асынып алган сарайдын чатырына буга чейин 10 жаштагы эжеси малга чөп салганы чыгып-түшүп турган. Пресстелген чөптөн чечилип алынган жиптерди сарайдын бир бурчундагы мыкка топтоп илип коюшчу. К.А. асынган жип ошол жиптерден алынган. Кошуналары маркумдун үй-бүлөсү ошол аймактагы кадыр-барктуу үй-бүлөлөрлөрдөн болуп саналарын билдиришкен.

К.А.нын жанын кыюусуна телефон жана сыналгы аркылуу көргөн кинолор түрткү бериши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Себеби жакындары кыз буга чейин өз жанын кыйгандар жөнүндөгү кинолорду кызыгып, кайталап көрө берчү экендигин билдиришти. Окуя болгон күнү ал кыз кинодогу өзүн-өзү аскан эпизодду туурап жатып жиптен чыга албай калган болушу мүмкүндүгүн айтышууда.
Учурда Ош ОИИБдин жетекчилиги тарабынан атайын топ түзүлүп, алар тарабынан окуя боюнча хронометраж кылынып, эмне себептен асынып алгандыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.