Домой Саясат Кимдер кимге гүл карыз?

Кимдер кимге гүл карыз?

132

Илгери жездең сага гүл карыз, — деген ырды созгондор көп эле. Учурда деле балдыздарына кээ бир капчыктуу жезделер тымызын гүл берип жатышса керек. Бирок, үч күндөн кийин келчү март майрамында камалгандардын келинчектери гүлдүн жытын искей алышпайт. Баштагыдай болуп өмүрлүк жолдошторунун колунан гүл албайт, өздөрүнө эркелегенден сырткары болушаары калетсиз.

Кезинде өлкөнүн биринчи канайымы болуп жүргөн Алмазбек Атамбаевдин Раисасы, Сапар Исаковдун Маликасы, Албек Ибраимовдун Жамиласы, Салайдин Авазовдун Бактыгүлү, Равшан Жээнбековдун Салкын жана башка камактагылардын чырайлуу түгөйлөрү майрамдык маанайды сезишпейт. Анткени алардын көкүрөгүн өйүгөн көйгөй турат, качан жан шеригим эркиндикке чыгар экен деген. Анан кайдагы майрамдык маанайды айтууга болсун? Ондогон энелердин эмчеги сыздап жатат ээ-жаа бербей. Турмуш деген кээде ушундай кара мүртөздүгү менен адамдын сай-сөөгүн сыздатат тура. Парадокс. Кечээ эле бүткүл дүйнө колуңда турса, бүгүн бут алдыңдагы жер көчүп кеткендей абал жаралды. Ылайым үйдүн жарыгы, балдардын бактысы, эркектин карманган ыйык тумары болгон асыл айымдардын жүрөгү канабасын!

Булак: Ачык сөз