Агенттиктин маалыматына караганда, Ким Чен Ын заводдун ачылышына башка аткаминерлердин жана карындашы Ким Ё Чжондун коштоосунда келген. Ким Чен Ын тасманы «Ураа!» деген ураандын алдында кескен. Бирок маалымат агенттиги өлкө лидери акыркы жумаларда элге чыкпаганын себебин жазган эмес.
Ишембиде жардамчылары менен кошо заводдун ачылышында күлүмсүрөп жүргөн Ким Чен Ындын сүрөтү жарыяланган. Сүрөттөр мамлекеттик Rodong Sinmun гезитинин сайтына да чыкканын Reuters агенттиги кабарлады.
Түндүк Корея коронавирус пандемиясынан улам чек арасын бекем жаап, оорунун жайылышынын алдын-алуу үчүн катаал чараларды киргизген.
30-апрелде берилген расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө COVID-19 илдети катталган жок. Бирок адистер бул маалыматтын чындыгына ишенбестигин айтышууда.
Булак: Азаттык