Домой Коом Келерки жылы ысык сууга болгон тариф жогорулайт

Келерки жылы ысык сууга болгон тариф жогорулайт

35

Кийинки жылдын жылытуу мезгилинен тарта ысык суу берүү 14%га, жылытуу 10% га жогорулайт. Быйыл тарифтер өзгөрүүсүз калтырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

1-октябрда премьер-министр Улукбек Марипов 2021-2025-жылдарга электр жана жылуулукка болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекиткен. Ага ылайык, жылытуу тарифи быйыл өзгөрбөй 1 Гкал үчүн 1134,76 сом өлчөмүндө, ысык суунун тарифи Гкал/981,76 сом боюнча калган.

Бирок жылуулук тармактарын алмаштырууну жана реконструкциялоону, жылуулук пункттарын модернизациялоону, жаңы абоненттердин кошулуусун камсыздоо үчүн кийинки жылдан тарифти көтөрүү пландалган.

Ал эми электр энергиянын тарифи көтөрүлбөй бир киловатт саатына 0,77 жана 2,16 сом деңгээлинде кала турган болду. Төлөмдөр:

  • айына 700 кВт⋅саатка чейин керектелсе тариф кВт⋅саатына – 0,77 сомду;
  • айына 700 кВт⋅сааттан жогору болсо, тариф кВт⋅саатына 2,16 сомду түзөт.

Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашагандар үчүн электр энергиясын керектөө нормасы жокко чыгарылып, кВт/саатына 0,77 сом тарифи чектөөсүз иштейт.

Социалдык балдар мекемелери жана электр транспорту үчүн тарифтер 10 тыйынга жогорулап, диний уюмдар үчүн тарифтер 56 тыйынга төмөндөтүлдү. Башкача айтканда,

  • Социалдык балдар мекемелери;
  • электр транспорту;
  • диний уюмдар 1 киловатт саат үчүн 168 тыйын төлөйт.

Ошондой эле, насостук станциялар үчүн тариф кВт⋅саатына 1,09 сомду түзүп, 31,6 тыйынга, бюджеттик, өнөр-жай, айыл чарба жана башка керектөөчүлөр үчүн тариф 2,52 сомду түзүп, 28 тыйынга жогорулаган.

Маалыматка караганда, кийинки жылдары тарифтердин өзгөрүүсү инфляциянын деңгээлин эске алуу менен ишке ашырылат.