Домой Маданият Керегем сага айтам

Керегем сага айтам

293

1391775064_7248

Жакында Урказы аксакалга жолугуп калдым. Урказы абам мурункусундай шайдоот тамашакөй эле бойдон экен, 87ге чыгып калса да. Аркы-беркини сүйлөшкөндөн кийин: Эй, Келдибек, азыр баары бар, тамак-аш, кийим-кече, иштеп элди алдасаң эле. Ушу азыр элдин пейили кетип, ыймандан ажырап турган кези. Мен сага бир болгон окуяны айтып берейин. Жашаган жерин, аты-жөнүн жазба, арбак таарынат орозо айында. Кайним мектепте аябай жакшы окуп бүтүп Самарканддагы соода окуу жайына өз күчү менен өтүп кетти. Бизден акча күтпөй бош убактысында акча таап, ал жакты дагы кызыл диплом менен бүтүп келди. Жолу шыдыр болуп бир райондун соода тармагын башкарып калды. Анан балээнин баары башталды. Күнү-түнү сыйдын үстүндө жүрүп калды. Бат эле ошол кездеги алдыңкы машине «06» жигулини минип калды. Көп өтпөй өйдө көтөрүлүп бир чоң облустун  соода тармагын башкарып калды. Ошондон баштап көзү бозоро баштады. Жада калса тойлордо абышкалардан жамбаш талашып, «силер өлмөйүнчө мага жамбаш тартылбайт го» деп таарынып кеткен күндөрү боло баштады. Турмушта болот да, эң улуу жездеси болгондон кийин карызга акча сурап барсам, «ой жезде короомдо  акча жасаган станок жок, эптеп айлык менен жашап жатам», деп каккан күндөрү боло баштады. ГАЗ-24 машинесин минип алчактай баштады. Бир күнү келин ыйлактап телефон чалат, жезде кайниңиз ооруп, тез Фрунзеге баргыла дешти. Сизди кошо барсын деп жатат. Бир тууган да, аялым экөөбүз кошулуп борборго алып барсак, жаман оору экен, өтүшүп, бүтүп калганда барыптырбыз. Врачтар алып кетсеңер болот деп, жатпайбы. Эмне кыларды билбей, догдурлардан сурандым, айланайын инилерим, өзүнө айтпагыла, кыялы чатак. Май айы аяктап калган, бээнин сүтүн ичиңиз, жакшы болуп кетесиз деп чыгарып беришти. Үйүнө келгенде короосуна эки бээ байлатып, күнү-түнү бээнин сүтүн иче баштады. Үйүнө келгенденби же бээнин сүтүбү, айтор сендиректеп сыртка басып, үйгө кирип- чыгып калды. Анан мени чакырып, жезде жанагы үч врачты аялдары менен чакырыңыз, жакшы бир коноктоюн деп, баягы Волгасы менен мени жөнөттү. Врачтар макул болушпайт, эптеп көндүрүп алып келдим. Аларды аябай коноктоп узатаарда улуу баласын тамынын чердагынан эки килейген коробкаларды алдырып түшүрдү. Бирөөндө аялдардын ошол кездеги эң тансык бельгийский пальтолору, экинчисинде эркектердин чий баркыт костюм-шымдары экен. Иши кылып тигилер кудуңдап баягыларды алышып дүжүр сөздөрүн сүйлөшүп кетишти. Эки күндөн кийин кайним жыгылды, үнү кудайга жетет. Анын оорусу сөөктөн экен, жалпылап ушулап жатып суй жыгылабыз. Аябай кыйналып жатып, жезде деп чакырды. Ой, жезде, бул жашоодо менин оорумду сатып ала турган киши болсо тапкыла, акчасы канча болсо дагы берем деп жатпайбы. Иши кылып, асылган оору алып тынды. Келдибек, мунун баарын сага кобураганым, азыркы убакта кээ бирөөнө сабак болобу дегеним.

pharm support group product. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Келдибек Ниязов