Домой Маданият Кеп-сөзгө карабай үйлөнгөнбүз. Издешпей табышкан Дөөлөт Сыдыков менен Ырыс Окенова

Кеп-сөзгө карабай үйлөнгөнбүз. Издешпей табышкан Дөөлөт Сыдыков менен Ырыс Окенова

73

“Издешпей табышкандар” — Sputnik Кыргызстан агенттигинин жаңы рубрикасы. Анда чыгармачыл, эл көзүндөгү жуптардын сүйүү баяны, үй-бүлөдөгү баалуулуктары, чыгармачылыгы, балдары тууралуу сөз болот.

Турмушка, жашоого көз караштары окшош, ою, сөзү бир жерден чыккан, бир толкунда жашаган жубайлардын катарын манасчы Дөөлөт Сыдыков менен режиссёр Ырыс Окенова толуктайт. Экөө тең чыгармачыл чөйрөдө өз орду бар адамдар. Ошол эле учурда очор-бачарлуу үй-бүлө.

Бул инсандар Sputnik Кыргызстан агенттигинин “Издешпей табышкандар” рубрикасынын коноктору болду. Жубайлар бүлөсү, балдары, турмушка болгон көз караштары менен ой бөлүштү.

— Акыркы убакта коомдук иштерге байма-бай катышып, соцтармакта да активдүү боло баштадыңыздар. Же мен буга чейин байкачу эмес белем?

Дөөлөт Сыдыков: — Туура. Көлдө “уран казылат” деген учурда ага каршы митинг, нааразычылык акцияларына чыгып калдык. Азыркы тапта дагы бир иш менен алектенип жатабыз. Тагыраагы, буга чейин чыккан “Манас”, “Аккула”, “Бакай”, “Ала-Тоо” деген арактарды чыгарууну токтотууга аракет кылуудабыз. Депутат, коомдук ишмерлер менен биргеликте буга каршы турдук. Негизи бул арактар эки жыл мурда эле чыга баштаган. Бул нерсе ар-намыска шек келтирүүдө. Манас — кыргыздын өзөгү. Биздин байыркыбыз, азыркыбыз, келечегибиз да Манас. Ал — биздин медер. Ураандын аты аракка коюлбаш керек. Андай эле койгусу келсе арак чыгарган адам атасынын, аялы же баласынын атын коюп алсын.

Азыркы тапта “Залкар манасчы” деген долбоор менен да иштеп жатабыз. Анда 17-кылымдан берки манасчылар тууралуу далил тасмалар камтылган. Максатыбыз — кийинки, келечек муунга залкар манасчылардын бейнесин чагылдырып берүү.

— Ырыс эже, иш-чаранын дээрлик баарында Дөөлөт байкени колдоп-коштоп жүрөсүз?

Ырыс Окенова: — Учурда Дөөлөт экөөбүздүн ишибиз да, жолубуз да бир. “Залкар манасчы” долбоорун чогуу даярдап жатабыз. Ал жакта мен режиссёрмун. Долбоордо залкар манасчылардын бейнеси видео түрүндө гана эмес, анимациялык графика менен да жасалып жатат. Анткени 17-кылымдан берки манасчыларды кошкондо айрымдарынын сүрөтү да жок. Алар тууралуу маалымат кагазда гана жазылып калган. Эл ичинде алар тууралуу сөз гана айтылып, визуализация болгон эмес. Ошол нерсени ишке ашырып жатабыз. Долбоордо 15 манасчынын бейнеси, өмүр баяны, чыгармачылыгы, алар Манасты кантип айтып калганы видео, анимация менен көрсөтүлөт.

— Манасчынын жубайы болуу оңой эмес болсо керек?

Ы.О.: — Манасчынын жубайы болуу — чоң жоопкерчилик. Аны сезип, туя билиш керек, колдоо керек. Ооба, булар жөн адамдар эмес. Тактап айтканда, менин күйөөм жөн адам эмес.

— Экөөңүздөр тең чыгармачыл чөйрөнүн кишилерисиңер. Бирок турмушта баары чыгармачылык менен эле чектелип калбайт да. Көр оокат деген бар, балдарды тарбиялаш керек. Жумушка, үйгө да жетишиш керек дегендей.

Ы.О.: — Маанилүү маселелерди чогуу эле чечебиз. Бирок сиз айткандай көр оокат, тиричиликке келгенде жоопкерчиликти өз мойнума алгам. Жолдошумдун көзүн карап, эл көзүнө айткандык эмес, бирок мен Дөөлөттү жогору баалайм, аны майда нерселерден аяйм. Ал жакшы, бийик нерселерге татыктуу. Жолдошумдун кандай адам экенин билем. Калп айтпайт, элди ойлойт, нарктуу. Аны үй-бүлөлүк турмуш-тиричилик үчүн майдалап, бөлүп карагым келбейт. Ошол себептен майда иштерди, ошол эле тиричилик менин мойнумда. Бирок баарын кеңешип жасайбыз, кеңешип оокат кылабыз.

— Таанышып, табышып калган учуруңарды эстеп айтып берсеңер?

Д.С.: — Мен консерваторияда окуп жүргөндө Ырыс КТРде иштечү. “Ырыс” деп атын угуп калчумун. Бир ирет салттуу музыка күнү белгиленип, анда Ырыс Роза Аманова менен алып баруучу болуп калды. Ошондо алгачкы жолу көрүп, дароо эле жактыргам. Андан кийин бир катар иш-чаралар болду. Аялзатын жактырсаң толкунданып, батынып жанына бара албай башкача боло бересиң го. Менде да ошондой болгон. Көпкө чейин сезимдеримди ачык билдире албай жүрдүм. Бир ирет Чеч-Дөбөдө манасчылар сынагы өттү. Кантсе да Алмамбет атам жаткан жер да. Бир күч пайда болуп, сезимимди ачык айтууну чечкем. Ал жактан келери менен Ырысты жолугушууга чакырдым. Сынактан байге алгам, ошонун шылтоосу менен өзүнчө кезигүүнү чечтим. Ал жакка Ырыс узун көйнөк кийип келиптир. Жолугуп кеткенден кийин “Узун көйнөк жарашып боюңузга, баштагыдан башкача сулуу болуп” деп ыр жазып, смс жөнөткөм. Андан кийин смс-билдирүүлөрдү жаадыра баштадым. Мына эми мынтип эки бакыр, бир тукур болуп түтүн булатып келе жатабыз.Ы.О.: — Дөөлөт мырзалык кылып “батына албай” деп жатпайбы. Нарктуу мырза катары мага упай берип айтып жатат. Чындыгында бул мени сынап жүргөн деп ойлойм. Көп сыноо, иликтөөлөрдөн өтүптүрмүн. Дөөлөттү биринчи манасчы катары таанып, аны суктануу менен уккам. Манас айтканы, үнү, манерасы башкача, суктанчумун. Чынында көңүлүмдү анын манас айтканы бурган. Андан кийин сезимдерин смстерден түшүнө баштадым. Ошондон тарта өзүмө ишенбегендик, ыңгайсыздык жаралды. Анткени мен Дөөлөттөн төрт жаш улуумун. Бул бир себеп эле.

Экинчи эң маанилүү себеп — Дөөлөттү манасчы катары өзгөчө адам деп ойлоп, космостон түшкөндөй, өткөн жашоодон келгендей коркчумун. Албетте, өнөргө болгон сыйдан улам коркчумун. Кийин көндүм.

— Дөөлөт байке сыртынан сүрдүү көрүнчү, сүйлөшүп отуруп “жумшак, ачык-айрым эле адам экен” деген ой келди.

Д.С.: — Жаңы таанышкан киши менен деле тамашалаша берем. Кээ бири туура эмес түшүнүп калат.

— Бирге түтүн булатып келе жатканыңыздарга канча жыл болду?

Д.С.: — 10 жылга чукулдады. Атайын ырым кылып 10 жыл мурда Ноорузда үйлөнгөнбүз.

— Казан-аягы кагышпаган жубайлар аз болсо керек. Мындай кырдаалдан кантип чыгасыңар?

Д.С.: — Ошол жагын сен айтчы.

Ы.О.: — Анчалык чоң деле чыр болгон эмес. Майда-чүйдө таарыныч болот. Мындай учурда көбүнчө мен ийкемдүүмүн, бат жазылам. Сыртыман башкача көрүнгөнүм менен биринчи ийилем, биринчи кадамга мен барам. Жашоодо, адамдар менен мамиле түзгөндө артыма күкүм да калтырбай баарын тазалап кеткенге аракет кылам. Ачык адаммын. Көпкө чейин капалык, таарынычты кармап жүрө албайм. Дөөлөт болсо өз образында. Өйдөдөн карап, байкап жүрөт. Мүнөзүндө көк беттик, айтканынан кайтпагандык бар. Анысын түшүнөм. Жолдошума эби жок таарынып, аны менен конфликтке барбаганга аракет кылам. Тескерисинче, андан качам. Албетте, мунун баары убакыт өтүп, тажрыйбадан кийин келет экен.

Д.С.: — Казан-аяк кагышпаса да жашоонун кызыгы болбойт. Бул көйгөй эмес. Кээде маанайга жараша чарт-чурт болуп кетесиң. Айрым учурда сөз талашып калышың мүмкүн. Ошонун баарын түшүнүү менен кабыл алса, маселе бат эле чечилет. Жолдон чыр-чатак чыгып кетсе, баарын жолго таштап, жашоону унчукпай кайра улап кетиш керек. Бирок унчукпай койсо да “унчукпай койдуң” деп таарынып, чыр чыгаргандар да бар.

Ы.О.: — Дөөлөт бир нерсени унчукпай эле билет. Мен болсо сыртыма чыгарып жиберем. Ошонубуз менен бири-бирибизди толуктап турсак керек. Сөзүбүз да, оюбуз да бир. Айрым жубайлар бири-бирин түшүнгүчө бир топ убактысын уттуруп жиберишет. Ал эми биздин ой-тилек башында эле бир чыкты. Кудай бизди жөн кошкон эмес, ыраазымын.

Д.С.: —Экөөбүз үйлөнгөндө ар кандай кеп-сөз жаралды. “Ырыс буга чейин турмушка чыккан экен, баласы бар турбайбы” деп айтып чыгышты. Бирок сүйгөн адам мен, алсам мен жашап жатам. Туурабы? Ошонун баарын тең жеңил эле кабыл алганбыз.

Ы.О.: — Азыр жеңил кабыл алып калдык.

Д. С.: — Убагында деле жеңил кабыл алгам. Ырыска оор тийди. Анын эмнесине кабатырландың эле? (жубайын карады) Экөөбүз жашап атабыз да. Негизи турмушту адамдар өздөрү эле оор кылып алат экен. Турмуш жеңил эле нерсе. Аны оор кабыл алгандарга жашоо оор сезилет, жеңил кабыл алгандарга жеңил туюлат. Бир келген жашоодо кандай болсоң, ошондой жашаш керек. Анан “жок, бул жерден күлгөн болбойт, бул жерден сүйлөбөш керек” деп өзүңдү чектей берсең жашоонун кызыгы эмнеде? Жасалмасы жок жашаган жакшы. Сүйүп калсаң, “сүйүп калдым” деп айт. Жакшы көрсөң “жакшы көрдүм” деп. Туурабы, Ырыс?

Ы.О.: — Коомдон өзүбүздү бөлүп карай албайбыз, коомдун ичиндебиз. Дөөлөткө турмушка чыкканда ашыкча сөз, сын-пикир көп айтылды. Ичимен бышып, кайнап, жаштыгым менен жеңип кетиптирмин. Кырдаалдан Дөөлөттүн сүйүүсү жана анын түшүнүүсү менен чыккам. Жолдошум “бул биздин жашоо, мен чечем, мен билем, уулуңа ата болом” деген. Ошол кезде биринчи никемен калган балам алты жашта болчу. Бирок Дөөлөт аны өз уулу кылып алды. Экөө тең бири-бирин жакшы көрөт. Ага татыктуу тарбиясын берип, окутуп азыр 16га чыгып, эрезеге жетти. Ошол кезде сөз кылган адамдар азыр Дөөлөттү үлгү тутушат.Д. С.: — Адамды адам бузат, адамды адам жок кылат. Адамдан өткөн жыртыч болбойт. Аларды жөн койсоң төшөгүңө чейин башын салып келет. Аны мындай эле тебиш керек (каткырып). Азыркы адамдар өтө опурталдуу.

— Бала тарбиялоодо эмнеге көңүл бурасыздар?

Д.С.: — Бала тарбиялоо боюнча биздин өлкөдө мамлекеттик идеология жүрбөй жатпайбы. Аларга ылайыктуу мультфильмдер, жакшы тасмалар тартылышы керек. Баланы япондордой эненин курсагынан баштап тарбиялаш керек. Мисалы, Манас, күү угузса кадимкидей таасир берет.

Ы.О.: — Бала тарбиялоодо Дөөлөт “балдарыбыз кыргыз тилдүү гана мектепте окушу керек” деген талапты койгон. Анын сөздөрүнө азыр ынанып отурам. Мен да Дөөлөткө балдарды тарбиялоодо бир талап койгом, “катуу айтпа” дегем. Анткени бул кишинин оозунда Манасы бар, касиети бар. Бала тентектик, шоктук кылат. Ошол учурда өтө ачууланбаш керек деп ойлойм, абайлап турам. Өзү деле катуу айтпайт, баласаак. Ошентсе да алдын алгам. Анан “өтө жакшы көрүп, эзилбе” дейм. Балдарыбыздын оюн угуп, алар менен пикир алмашканга аракет кылабыз. Өзүбүзгө караганда көбүрөөк ийгиликке жетишин каалап, убактысын туура бөлүштүрүп, шарт түзүп бергенге күч жумшап жатабыз.

— Бири-бириңерди кандай эркелетесиңер?

Д.С.: — Мен Ырысты “Бышалак” деп эркелетем.

Ы.О.: — Мен болсо Дөкө деп айтам.

Булак: Спутник