Эй, Ак үй менен Көк үйдөгү азыркы «жүдөмүш корольдор», мына бул ирмемди, ботосун жоготкон эненин боздоп отурган жабыккан жүзүн бир карап көргүлөчү!
2010-жылдын 7-апрелинде «Форум» ишканасынын алдында чогулган эл андагы авторитардык-кландык бийликке нааразычылыгын билдирип Ак үйдүн астына келишкен. Бийлик болсо аларды ок менен тосуп алган. Ошондо Борбордук аянт канга жуулуп, көз алдыда замана аңтарылып, чырылдап учкан ок , чыркырап үзүлгөн өмүрлөр, аалам аңтарылып келаткандай түтүн менен ышка толуп турган. Ошондо…ошондо, «мамлекетимдин жаркын келечеги үчүн!» деп аянтка келген кырчындай балдарыбыз андагы бийликтин огунан жан беришип, түбөлүк арабыздан бөлүнүп кете беришти… Миңдеген адамдар оор жаракат алышты… Көпчүлүгү эмгекке жараксыз болуп калышты. Андан башка да канчалаган жарандарыбыз түбөлүк кеткис жаракат алды, дагы далайлары ошол алган жараттарынан кийин көз жумушту… Бакубат жашап жаткан нечен үй-бүлөөнүн бир замата коломтосунун оту өчүп, жүрөктөрүндө так, дилдеринде арман калды… Боздошуп ботосун жоготуп ата менен эне калды… Тал чыбыктай кездеринде кара кийинип канчалаган жаш келиндер жесир болуп калышты…
…Кийин, Мекендин келечеги, демократиялык багытта гүлдөп-өнүгүшү үчүн деп адам баласындагы баарынан ыйык өмүрлөрүнө да кайыл болуп Борбордук аянтка чыккан азаматтарга каршы ок аттырган, анан дал ошол 2010-жылдагы 7-апрель элдик революциясында жүзгө жакын адамдардын өлүмү боюнча 3,5 жылга жакын сот процесси жүрүп, 2014-жылдын 25- июль күнү Бишкек шаардык аскер гарнизондук соту тарабынан ошол күнү «Ала-Тоо» борбордук аянтындагы адамдарды атууга буйрук берген деп, ошол кандуу окуянын башкы күнөөкөрлөрү катары ал кездеги президент Курманбек Бакиевди, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы, анын бир тууган иниси Жаныш Бакиевди жана ал учурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан.
Эми ошол канкорлорду, учурда Беларустун Минск шаарында бозгун болуп жүргөндөрдү жана анын туугандарын кезинде ошол эле Курманбек Бакиевдин пресс катчысы болуп иштеген Нурлан Шакиев жетектеген «Нью ТВ» жана Ахматбек Келдибековго таандык делген «Нур ТВ» телеканалдары Курманбек Бакиевдин 1-августтагы 70 жашка толгон туулган күнүнө арнап, аларды ачык эле мактап-жактаган, мамлекетибиздин суверентитетин белгилеген майрам күнү өлкөбүздүн борбордук аянтында «Анжиян полкасын» бийлеп жаткан Курманбек Бакиевди, мобилдик телефонуңдан «а» деп койсоң эле 60 тыйыныңды чөнтөгүңдөн тартып алып турган Максим деген уулун Улуу Манаска теңеген көрсөтүүнү элден эч ийменишпей эле коомчулукка тартуулады. Мындай көрсөтүүнү даярдаган аталган телеканалдар өздөрүнүн жасаган ушундай аракеттери жана анын кесепеттери коомчулук үчүн жана жалпы мамлекет үчүн канчалык опурталуу экенин билишпейби? Сопсонун билишет. Анда бул эмненин белгиси?
Бул… учурдагы бийликтин алсыздыгы! Алардын азыркы бийликти тоготпогондугу! 2010-жылдын 7-апрелинде андагы бийлик огунан шейит кеткен далайлаган жап-жаш жигиттердин арбактарын, Элдик революциянын маанисин тепсөөгө жол бергендик! Ушундай көрүнүштөн улам тынч жаткан элдин көңүлүндө «бүгүнкү бийлик Бакиевдер менен «табакташ» болуп алгандан соо эмеспи?» деген маанайдагы суроонун жаралышына да себепкер болушууда. Болбосо канкор делген адамды жана анын туугандарын ачыктан-ачык мактоого аталган телеканалдардын кудреттери кантип жетти экен десең? Мындайды кыргызда айтат, «жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат» деп…
Кенжебек Арыкбаев