Кеңеш тобунун солисткасы Гүлмира жүрөк тититеркен окуя менен бөлүштү:
“Бүгүн Дордой базарынын чет жагындагы жол менен унаалар тизилип (пробка), биринин артынан бири келе жатышты, биз дагы элден калбай бара жаттык. Бизге каршылаш жолдо унаалар аз болчу, бир убакта кичинекей бир бала жүгүрүп чыга калды, чоң машина баланы ыргыта сүздү, жерге жыгылып түшсө дагы мейли эле жолдун четинде турган цементтелген ташты сүзүп, көтөрүлүп барып жерге түштү, баары бир мүнөттө болду. Машинадан түшө калып эле жүгүрдүм, кантип жеткенимди билбей калдым. Баланы кучактап эмне кылаарымды билбей элден жардам сурадым, баланын чекесинен кан агып жатты, бетинин баары канга боелуп калды. Эстеген сайын ыйлап жатамын.
Айдоочу түшө калып эле, өзү жүгүрүп чыга калбадыбы деп өзүн жоготуп туруп калды. Бала болсо “Дордой -2″ конушунда 2-көчөдө жашайм апам чакыргылачы деп бакырып ыйлап жатты, чекесинен кан токтобой агып жатты. Тез жардам чакырабыз деп туруп калышты эле байке жакын жерге медпункт болсо алып барып канды токтотуңуз деп, баланы машинага салдык, алар кетип калышты! Эмнеге кошулуп барбадым?
Эмнеге кучактап боорума кысып апасы келгенче жанында болбодум деп, өзүмдү өзүм жеп, ыйлап отурамын. Аллахым сактасын кичинекей аман болсо экен. Байкуш айдоочуну күнөөлөшөт эми ата-энеси. Бирок бул кырсык. Айдоочунун кымындай дагы күнөөсү жок! Бул нерсени жазып эмнени айткым келди, баарыбызда жашоонун түйшүгү бар, кээде балдарыбызга убактыбыз болбой калат, жашоодогу байлыктарыбыз балдарыбызга аз болсо дагы убакыт бөлүп, жол эрежелерин түшүндүрсөк, көбүрөөк көңүл бурсак деп, балким акылдуу болуп бирөөгө акыл айтып жатамын, бирок мындайды эч кимдин башына салбасын. Балдарыбыз бактыбызга аман болушсунчу. Аллахым кичинекейди сактасын, жакшы болуп кетсин, дуба кылып коюңуздар. Жүрөгүм эзилип ыйлап-ыйлап алдым. Кудайдан жакшылыкты үмүт кылам.
Булак: Багыт