— Мен Сагымбай манасчынын жээн небересимин. Сагымбай таятабыздын 6 баласы болгон. Үч баласы жаштайынан эле каза болуп калыптыр. Бир эркек, эки кызы бир топ жыл жашашты. Мен кичүү кызы Бүбүйранын кызы болом. Мени Сагымбай таятамдын Сайнап деген байбичеси багып өстүргөн. Анткени, Жамангул таякем балалуу болбогондон улам, мени 3 айымдан баштап багышкан. Биз Орто –Токой айылында жашачубуз. Таенем байкуш 1967-жылдан баштап абышкасынын 100 жылдык мааракесин өкмөт өткөрөөр бекен деп 2 жылдай абдан зарыгып күтүп жүрдү. Бирок өкмөт ал жылдары мааракени өткөрмөк тургай, улуу манасчыны эстеп да койгон эмес. Ошондон улам таенем катуу кейиди. 1969-жылы “Кой, абышкамды баары унутуптур. Эстеген киши жок. Абышкам улам-улам түшүмө кирип жатат” — деп сүйлөнүп, катуу кайгырды. Мен: “Коюңузчу, түшкө эмнелер гана кирбейт” – деп бышык болуп койдум. Бирок таенем ошол айткан сөзүнөн көп өтпөй эле катуу ооруп, мен 7-классты окуп жатканда 73 жашында каза таап калды. Сайнап таенем Сагымбай таятамдын экинчи аялы. Биринчи байбичеси каза болуп калган, андан бала жок. Таенем Ормон хандын чөбөрөсү болот. Таятамдын 150 жылдык мааракесине карата “Сагымбайдын урпактары” деген китеп чыгардым.
— Бул китепке эмнелерди жаздыңыз? Улуу манасчы тууралуу эл билбеген кандай окуялар камтылды?
— Китепти “Кыргыз китеп” коомдук уюму чыгарып беребиз дешкен. Бирок бир жыл 3 ай чыгарбай кармап жатып алышты. 150 жылдык мааракеси чукулдап калганда, өз аракетим менен чыгарууга белсенип кириштим. Китепке согушка кетип, дайынсыз болгон Сагымбай таятамдын Аманкул деген таякемдин 1938-жылы гезиттерге чыккан ырларын таап, толугу менен киргиздим. Манас да айтчу эле, ал боюнча да жаздым. Ошондой эле Бурулбү деген тайэжем бар эле. Анын эки кызы бар эле, экөө тең манас айтып жүрүп, жаш эле каза болуп калышкан. Алардын бирөөсүнөн Көчөрбай деген бала калган. Ал былтыр 76 жашында каза болду. Чымыны бар, ыр жазган адам эле. Анын да ырлары кирди. Мен байланыш боюнча билим алып, ал тармакта көп жыл иштедим. Таятам Сагымбайдын атасы Орозбак менен Орозой бир тууган экен. Орозойдун Исмаил деген баласы болгон. Исмаил дагы учурунда чыгаан адам болуп, орус тилинен котормочу болуп, чыгармачылык менен алектенип жүрүп, 1938-жылы репрессияда атылып кеткен экен. Ал тууралуу да жаздым. Көбүнчө таенемдин айтып бергендерин жазып, киргиздим. Мен да чыгармачылык менен алектенип келем. Мектепте окуп жүргөн кезимде эле ыр жазчумун. Өзүмдүн да чыгармачылыгымдан орун берилди. Буга чейин проза жанрында бир китептин автору болдум. Кийин манас айтпай, ыр жазбай эле, кара сөз жазып калдым.
— Демек, сиз да ыр жазып, манас айтчу экенсиз да…
— Мектепте окуп жүргөнүмдө аян алып, манасты өз вариантым менен аз-аздан айтчумун. Бир жолу мен кичирээк кезде таятамдын күмбөзүнө куран окутуп барып калдык. Бир туугандар куран окуп жатышса, мага куран эмес, манас айтылып жаткандай угулду. Мага бир элес көрүнүп: “Мен Нүзүпмүн, жаныма кел”- деп чакырып жатты. Жанымдан болсо Манастын 40 чоросу атчан дүпүрөп өтүштү. Ошондон кийин эле өзүмчө буулугуп, анда-санда манас айтып жүрдүм. 10-классты 1973-жылы бүттүм. 1992-жылдарга чейин манасты аз-аздан айтчумун. Өзүм айткан манасты, ырларымды жазып, чемоданга катып жүрчү элем. Аны да чыгармачылыкты түшүнбөгөн күйөөм өрттөп салды. Поэзияга да бир топ берилип, Омор Султановдун “Дүбүрт” деген адабий ийримине катышчумун. Үйгө кечирээк барып калсам, күйөөм таяктап жатып, ал ийримге да жибербей койду. Жаныма дайыма дептер, калем сап алып жүрчү элем. Күйөөм катуу урушуп, аларды да карматпай тыюу салды. Күйөөм үйдө жокто, буулуккан жаным, өзүмчө күпүлдөп манас айтып, эс алып калат элем. Мени туурап, эки уулум да манас айтышчу. Балдарым айта баштаганда, өзүм алаксып, жаным жай алып калчу. Бирок тагдырдын жазганы ушул экен, ошол эки балам тең буулугуп манас айтып жүрүшүп, экөө тең каза болуп калышты. Бирөөсүн 10-класты бүтүп жатканда, балдар сабап өлтүрүп коюшту. Бир балам манасчы Рысбай Исаков менен чогуу манас айтып жүрчү. Ал манас айтып жатса, балдар абдан шылдыңдап койгон экен, ошондон кийин манас айтпайм деп калды. Бирок туталанып, ооруп жүрүп, 20 жашында каза таап калды. Байкуш балдарым Уркаш Мамбеталиев, Сейдракманов Назаркул агайлар менен көп эле жерге барып, манас айтып жүрүштү. Тилекке каршы, балдарым жаштайынан жайрап калышты. Менден кийинки сиңдимдин Максат деген баласы 4 жашында манасты катуу айтып, өзүн кармана албай, кыйкырып –өкүрүп ыйлап, бир нерселерди эле айтып, үстөлдүн алдына чейин кирип кетчү. Бирок аны ата-энеси мага айтпай туруп, менин балдарымдын манас айтып жүрүп каза болгонунан чочуштубу, айтор: “манас айткандын баары эле өлүп калышат” – деп мага айтпай туруп, Балыкчыга алып барышып, бир молдого кыргызчалатып, дем салдырып, 11 жашка чейин деп жолун буудуруп салышкан экен. 11 жашында жолун ачтыралы деп, ал молдого барса каза болуп калыптыр. Башка молдолор ал баланы: “Манасты 25 жашка чыкканда айтат, анда айтпаса, 35 жашында айтат” – дешиптир. Азыр Максат 27 жашта. ИИМдин академиясын бүткөн. Манас айтпайт. 35ке чыкканда манас айтабы, айтпайбы, бир Кудай билет? Апасынын аты Кеңешбү, атасынын аты Болот. Болот деле бизге тууган болуп кетет. Камила деген эжебиздин баласы. Аны да таенем чоңойткон.
Окууну бүткөндөн кийин, мамлекет бизди Ошко эки жыл иштегенге жиберди. Ал жакта иштеп жүргөндө мени ала качып кетип калды. “Таш түшкөн жеринде оор” – деп олтуруп калдым. Ошто эки жыл иштеп, андан кийин көп кыйынчылык менен Бишкекке келип иштедим. Жолдошум менин чыгармачылыгымды такыр түшүнбөйт эле. Түшүнмөк турсун, ал тууралуу уккусу да келчү эмес. Ушундан улам 20 жыл жашап, 5 балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик.
— Сизге манас айттырчу эмес беле?
— Ооба, бир ирет таятамдын 125 жылдыгында манас айтып койсом, мени өлөрчө таяктады. Мен шишип-көөп катуу эле жабыркагам. Гезиттерге ырларым чыкса да тил угам, айтор такыр тынчтык бербей койду.
Негизи Сагымбай таятам: “Манасчылыгым жээндериме оойт” – деп көп айтчу экен. Бирок жээндерден кыздарга эмес, эркектерге көп оосо болмок. Кыз кишиге манас айтуу жагынан күйөөсү колдобосо, түртмөлөбөсө кыйын эле болуп калат экен. Анын баарын мен өз башымдан өткөрбөдүмбү.