how much liquid tadalafil should i take.
13-ноябрда чет өлкөлөрдүн биринде жүргөн ЖК депутаты, «Республика» партиясынын лидери Ө. Бабанов парламенттеги «РАЖ» фракциясынын лидерлигинен кеткени тууралуу билдирүүсүн фракция лидеринин орун басары Талант Мамытов фракциянын кезексиз жыйынында окуп берген болчу. Мына ушул жылуу орун муздай элегинде эле жаңы лидерди шайлоо маселеси аталган фракция ичинде талкуулана баштады.
«РАЖ» фракциясынын депутаты Ү. Кыдыралиевдин айтымында бул кызматка Талант Мамытов менен Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралышы мүмкүн.
Эске сала кетсек, бул экөө тең «Ата-Журт» партиясынын лидери Какмчыбек Ташиевдин адамдары. Убагында Талант Мамытов «Ата-Журт» партиясынын атынан парламент депутаты болгон. Ал эми Курманкул Зулушев мурда сот болуп иштеген. Ал К. Ташиев, С. Жапаров жана Т. Мамытовду «Чыңгызхандын шакирттеринче» жасаган жүрүштөрү боюнча ишти карап, актоо чечим чыгарган. Мына ушул эмгеги үчүн аны К. Ташиев «Республика-Ата Журт» партиясынын тизмесине кошуп, парламентке депутат болуп келишине таасирин тийгизген.
Бирок, баары бир Ө. Бабанов К. Ташиев менен парламенттик шайлоонун алдында кол алышкан бардык макулдашууларды аткарган эмес. Парламентке көбүнесе өзүнүн адамдарын алып келип, К. Ташиевдин адамдарын кодулагандай мамиле жасаган. Анын кандайча тандемдешүүнүн талаптарын бузганын Камчыбек мырза мындан бир айча мурун ачык айтып чыккан. Эми минтип Бабанов фракция лидерлигинен кетип, таасири кадимкидей азайып калган чакта, К. Ташиевдин кезеги келип, өзүнүн адамдарын фракция лидерлигине алып келүү менен өчүн алып жаткан сыяктуу. «Келме кезек, терме тезек» деген ушул эмеспи.