
Барган сайын азыркы парламент кадимки Бакиевдерин “Ак жол” партиясынын “кейпин кийип” депутаттар болсо “бөрк ал десе, баш алган” каардуу “ желдеттерге” айланды. Айрымдары жаңы бийликке жагынып алардын “короосуна” кирүү үчүн жан далбастап жаткан кербези. Алардын көч башында кадимки кумарчы депутат Исхак Масалиев турат. Бул эргулдун кылык-жоругун билген адамдар “жакшыдан бөөн туулган тура”- деп баш чайкап гана тим болушууда. Болбосо, нечен жылдар депутат болуп элге кызмат кылган бир да мыйзам жазганын уккан жан жок. Антсе да, коомчулукка казиночу депутат катары “аттын кашкасындай” эле таанылган. Бир жылдары, кумарга азгырылып өтө ири суммадагы акча каражатын казинолордун бирине карыз болуп калганын укканыбыз бар. Пайданы гана көксөгөн казино ээлери Абсаматовичтин “ көчүгүнө” счетчик коюп Исхак акебиз карызы түгүл карызынын пайызын төлөй албай “асынып өлөрү” аз калган дешет. Анан эле оңдой берди болуп, бийлик жакка жол ачылып мамлекеттик салык кызматын жетектеп калат. “Майлуу жерге” отурган Абсаматович карыздарынан ар кимге “салык салып” кутулгандыгы ушул күнгө чейин аңыз катары айтылууда. Анан эми ушундай адамдын, бийликтин “заказы” менен экс президентти каралап а түгүл “статусунан ажыратыш керек” – деп жатса күлкүң келет экен да. Исхак кыйкырып койсо эле, Конституциялык мыйзам өзгөрүп кетпейт экенин бул Кемчонтой билбейби? Исхакка окшогон бийликтин “ жетелеме” депутаттары, элге кызмат кылбай эле, бир үй-бүлөнүн “ чөнтөк парламентине” айланып калганы өтө өкүнүчтүү. Буларга элдин каргышы качан тиет ия?