Домой Саясат Казактан калка издеген Бабанов, ички ишибизге кийлигишкен Назарбаев

Казактан калка издеген Бабанов, ички ишибизге кийлигишкен Назарбаев

202

              fce56465-5059-4b6b-a931-46e825afc0e9

Өзүнө болгон ишеними калбай калганбы Өмүрбек Бабанов чаап барып Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп келди. Анысына эч кимдин ич тардыгы жок. Бирок азыр башка мезгил. Кыргызстанда президенттик шайлоого карата үгүт жүргүзүү өнөктүгү жүрүп жатат. Өмүрбек Бабанов президентикке талапкер. Президент Н.Назарбаев Өмүрбек Бабановду жөн жай эле кабыл албаганы байкалып калды. Ал Кыргызстан тууралуу канчалык кооз сүйлөп “ички ишиӊерге кийлигишпеймин, бардыгын элиӊер өзү чечет” демиш болгону менен сөзүнүн арасында “сиздердей жаш кадрлар бийликке келишин тилеймин” деп биздин ички ишибизге түздөн түз кийлигишип жатат. antibiotics online. 6cebea43-affd-4253-b82d-56217a9d8a63

Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарында эч бир мамлекет, алардын өкүлдөрү  же кандайдыр бир чет өлкөлүк коммерциялык уюмдар шайлоо иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Ырас, коӊшулаш, тилектеш мамлекеттер Кыргызстандын туруктуу өсүп-өнүгүшүнө кызыкдар. Жакында эле кыргыз журналистине берген телемаегинде Орусиянын президенти В.Путин А.Атамбаевдин жасаган иштеринин базасында өлкөбүздүн өсүп өнүгө беришин каалады. Ал “тигини шайлап алгыла, муну байкап көргүлө” дегендей насаатын айткан жок. Ички ишибизге кийлигишкен жок.

Бул жагынан алганда элибиз атынан айтпай Нур аке деп сыйлап турчу Нурсултан Назарбаев ички ишибизге кийлигишкени аз келгенсип, кандайдыр бир деӊгээлде бүтүндөй калкыбызга акыл үйрөтүп кыргыз-казактын салтынан да тайыды.eb30a926-9f62-4134-874e-acd79289f9ca

Өмүрбек Бабановго да дабаа жок экен. Нур акенин алдында салып берген мектептерин санап, аны кылымга чейин унутпай турганыбызды айтып көшөкөрлөндү, кыргызга дайыма оӊ көзүӊүз менен карайсыз деп каратып туруп жагалданды. Албетте, мектеп салып бергенине рахмат дейбиз, унутпайбыз дагы, бирок Н.Назарбаев дайыма эле кыргызга оӊ көзү менен карап келатат дегенине кошула албайбыз.

Эске сала кетсек, 2010-жылы бизде революция болгондо болгон-бүткөн эшигин жаап алып (төрт чек арасын) кыргыздарды бир нече айлап өткөрбөй блокадага алып, катуу кыйнаган. Биздин Орусияга, андан аркы өлкөлөргө чыгууга Казакстандан башка жолубуз жок. Ошону билип туруп Кыргызстандын элин ачыктан ачык камоого алганын биз деле унуткан жокпуз. Муну Өмүрбек Бабанов билбейби?fe1cb628-2325-4315-b0cb-23534eca65d6 (1)

Баса Өмүрбек Бабановдун өзү Казакстандын жараны экендигин да билебиз. Кезинде бул өлкөдө жашап, ат тезегин кургатпай бизнесин түптөп алганын да билебиз. Аны Н.Назарбаев да жакшы билет экен “бизнесте жүрдүӊ” деп жатпайбы. Бирок ошол жарандыгынан кайра чыкканын билбейбиз. Кезегинде Жогорку Кеӊеште бул тууралуу катуу сөз болгон.9cd96f11-c49d-4fff-b0f0-bd964c4c3b43

Дагы Ө.Бабановдун Кайсар Абылкасымов деген казак досу бар. Учурунда Ө.Бабанов премьер-министр болуп турганда бул досу килейген министрликтердин ишине, мамлекеттин кадр саясатына, тендер өткөрүүгө катуу кийлигишип, “Мегаком», «Билайн», «Кыргызтелеком» өӊдүү каржы булактарын көзөмөлдөп, арааны катуу жүргөн. Ө.Бабановдун премьерлик кызматтан кетишине да ушул себеп болгон.

Эми ошол досу шыйпаӊдап, дагы эле Ө.Бабановду айланып жүрөт. Атүгүл анын шайлоо штабынын көзүрлөрүнүн бири. Аргасыздан Н.Назарбаев менен Ө.Бабановдун ортосун жылыткан ушул досу болуп жүрбөсүн деген ой кетет. Анда Ө.Бабановдун, ошол эле казактардын максаты кандай? Мүмкүн казак туугандар Ө.Бабановду президентикке түртүү менен Кыргызстанды алиги Кайсар Абылкасымовдой  кайсап жиберсек деп турушабы?

Мынча болду дагы бир окуяны, жакында эле Астанада болуп өткөн эл аралык көк бөрү оюну тууралуу айта кетели. Ошондо кыргыз көк-бөрүчүлөрү алдына чыккандардын баарын жеӊип кезексиз финалга чыгышкан. Анан эле кайдан-жайдан шайтандап Ө.Бабанов бара калып жатпайбы. Барганы курусун ошондон кийин эле кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн иши оӊгон жок. Казактардан утулуп калышты. Мунун себебин көпчүлүк Ө.Бабановдун көк-бөрү курама командасындагы алты таластык жигитти казактарга утулуп бергиле деп көндүрүп, алар жакшы ойнобой койгондугунан көрүп жүрүшөт. Бул тууралуу учурунда интернет басылмаларында кызуу талкуу болгон.  Тегин жерден өрт чыкпайт. Эгер ушул чын болсо Ө.Бабановдо ар намыс деген барбы?! Же өз кызыкчылыгы үчүн кыргыздарды командасы менен казактарга сатып жибереби?

Кийин ал оюндардын видеосу интернетке тарап кетти. Анда казак туугандар оюндун жүрүшүндө кыргыз көк бөрүчүлөрүн кадимкидей эле кызыл камчыга салып сабап жатканын көрүүгө болот. Аларды бири камчынын изи кыпкызыл болуп жондонуп түшүп калган аркасын көрсөттү видеодон. Бул кандай? Качан кыргыз-казактын көк-бөрү оюнунда эки эл бир-бирине камчы көтөрүшчү эле? Бул казактардын айыл үстүлүк кылып бизди басмырлаганбы же Ө.Бабановдун “өлсөӊөр да баш көтөрбөй утулуп бергиле” деген насаатыбы? Андай болсо эми казактар келсе биз да камчы көтөрөбүзбү?

Бир сөз менен шайлоо алдында Ө.Бабановду кабыл алган Казакстандын президенти Н.Назарбаев сөзүнөн катуу жаӊылды. Түз ички ишибизге кийлигишти. Эми түбөлүгүбүз түз болсо болду!(сурот документтер интернет булактарынан чогултулду)