Домой Дүйнөдө Казакстандын Боршайкому Дарига Назарбаеванын ыйгарым укугун токтотту. Жоромолдор

Казакстандын Боршайкому Дарига Назарбаеванын ыйгарым укугун токтотту. Жоромолдор

62

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) парламенттин сенатынын (жогорку палата) депутаты Дарига Назарбаеванын ыйгарым укугун токтотту, деп билдирди Боршайкомдун пресс-кызматы. Бул туурасында 4 –майда РИА Новости кабарлады.

«2020-жылдын төртүнчү майында Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын олтуруму болуп, анда «Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын депутаты Д. Н. Назарбаеванын ыйгарым укугун токтотуу тууралуу токтом кабыл алынды», — делинген, Боршайкомдун сайтында.

Буга чейин, ишембиде Казакстандын президенти  Касым-Жоомарт Токаев Назарбаеванын сенаттын депутаты катары ыйгарым укугун токтоткону тууралуу жарлык чыгарган. Жарлык Казакстан президентинин расмий сайтына жарыяланган.

Президенттин ишембидеги жарлыгы чыккандан кийин бир аз өткөн соң, Токаев Twitter баракчасында Назарбаеваны сенаттын төрайымы катары активдүү жана жемиштүү иштегени үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Сенаттын спикеринин кызматы, Казакстандын конституциясына ылайык, президенттен кийинки экинчи пост болуп саналат. Президент мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетсе, же кызматынан четтетилсе, же болбосо каза тапса, анда анын калган мөөнөтүнүн ыйгарым укугу сенаттын төрөгагасына (спикерине) өтөт.

Дарига Назарбаеванын Казакстандагы экинчи жетекчинин кызматынан кетирилгенинин себеби ушул кезге чейин так айтыла элек. Бирок, ар түрдүү жоромолдор, эксперттердин көз караштары жергиликтүү прессада да, Россиянын маалымат айдыңында да жарыяланып жатат. Айрымдарынын пикири боюнча, Дарига Назарбаеванын бийликтен четтетилиши эки президенттин (мурдагысы Н. Назарбаев, азыркысы К. Токаев) өз ара макулдашуусу аркылуу ишке ашкан имиш.  Кайсы бирлери бул демилге Нурсултан Назарбаевге таандык, анткени акыркы убакта кызы чет өлкөлүк бир нече чуулагандуу сот процесстердин катышуучусу болуп калды, бир чети атасынын бийлигине кол сала баштады (пандемиядан кийин Нур-Султанда армия калыш керек деген пикири, же Самург-казына фондуна карата кескин көз карашын билдиргени), ошон үчүн Н. Назарбаев Дариганы бийликттен четтеттирди дешүүдө.

Булак: Abal.kg