Домой Коом Казакстанда веб студия иштеткен кыргызстандык программист кармалды

Казакстанда веб студия иштеткен кыргызстандык программист кармалды

5

Казакстандын Tengrinews.kz агентиги Алматы шаарынын полиция департаментине таянып, Медеу районунда Интернет аркылуу сексуалдык кызмат көрсөткөн атайын студия аныкталганын кабарлады.

Полиция департаменти бул Казакстандын аймагында биринчи жолу аныкталган, Интернет аркылуу интимдик тейлөө көрсөткөн алгачкы студия экенин кабарлады. Медеу районундагы көп кабаттуу батирлердин биринен аныкталган студиядан казакстандык эки кыз жана кыргызстандык программист жигит кармалган. Полициянын маалыматында, кыргызстандык программист студияда техникалык жактан камсыздоо жумуштарына жардам берген. Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат.

Булак: Азаттык